Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

ИИМ: кыргызстандыктар "Коопсуз шаардын" айып пулунун жарымын да төлөй элек

Жазылуу
Жыл башынан бери эреже бузган айдоочуларга айып салынган 285 338 учур катталган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын жарымы да чогула элек. Бул туурасында ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн улук инспектору Аян Койшыбаев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда "Коопсуз шаар" айып пулдарды чогулта албай, эреже бузганын далилдеген каттар чыныгы дарегине жетпей жатат" аттуу тегерек столго катышты.

"Жыл башынан бери эреже бузган айдоочуларга айып салынган 285 338 учур катталса, алардын 124 миңи айыбын төлөдү. Бул 43 пайызынан каражат чогулду дегенди түшүндүрөт", — деди Койшыбаев.

Эксперттер айып салынган каттар бир нече жыл мурда ишеним кат аркылуу сатып жиберген автоунаанын ээсине барып жаткандыктан, төлөөдөн баш тарткан учурлар кездешкенин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0