БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ишеним кат менен машина сатып алып, эреже бузган айдоочуларга кандай чара көрүлө турганын ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн улук инспектору Аян Койшыбаев түшүндүрүп берди.
Ал "Коопсуз шаардын" алкагында жаралган көйгөйлөр боюнча уюштурулган тегерек столго катышты.
Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы айдоочулардын жарымы машинаны ишеним кат менен сатып алган. Андыктан эреже бузганы боюнча билдирүү машинаны айдап жүргөн кишиге эмес, темир тулпар катталган ээсине келип жатат.
"Мыйзам боюнча, айып пулду автоунаа катталган киши төлөйт. Бирок ал айып пулду төлөгөндөн кийин сотко кайрылып, машинаны айдап жүрүп эреже бузган кишиден өндүрүп ала алат", — деди ал.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев ишеним кат менен машина сатып алган киши аны кайра сата албай турганын белгиледи.
"Бардык айыптарды каттоо автоматташтырылган. Ошол айып пулдардын баары толугу менен төлөнүп бүткөнгө чейин машинаны ишеним кат менен сатып алган киши аны кайрадан каттатып же техникалык паспортун алмаштыра албайт", — деди ал.
Эксперттер машинаны сатып алууда бардык иштерди мыйзам чегинде аткарууга чакырат. Ошол эле учурда кыймылдуу мүлктү кайра каттатуунун баасы бир кыйла төмөндөгөнүн белгилешет. Мурда бул кызмат эки миң сом болсо, учурда анын наркы үч эсе азайган.