ИИМдин өспүрүмдөр менен иштеген башкы инспектору каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин жашы жетелектер менен иштеген кызматынын башкы инспектору Рашид Карабаев. Архив
ИИМдин жашы жетелектер менен иштеген кызматынын башкы инспектору Рашид Карабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгү Ош облусунда жерге берилди.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. ИИМдин жашы жетелектер менен иштеген кызматынын башкы инспектору Рашид Карабаев каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Карабаев 52 жашта, үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы болчу.

Рашид Карабаев 1967-жылы 22-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.

1993-жылдан тарта ички иштер органдарында кинолог-милиционер болуп иштеп баштаган.

Ош жана Чүй облустук милициясында бир нече кызматтарды аркалаган. Милициянын подполковниги наамын алган. 

"ИИМдин жетекчилиги, жеке курамы жана Ардагерлер кеңеши маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биз үчүн чоң жоготуу", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 19-июлда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чагыр айылында жерге берилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0