Дем алыш күндөрү мээ кайнаткан ысыктан сак болгула! Мэрия тургундарга кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАптап учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив
Аптап учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургундары менен коноктор саат 10.00дөн 19.00гө чейин калаанын борборундагы фонтандардын салкын илебине келсе болот.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү аба ырайы ысык болору айтылгандыктан, Бишкек мэриясы өсүмдүктөрдү сугаруу жана көчөлөргө суу чачуу иштерин күчөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

"Бул күндөрү шаардагы өсүмдүктөр көбүрөөк сугарылат. Мэриянын бул талабын аткарбаган ишканалардын жетекчилери жоопкерчиликке тартылат. Ал эми "Тазалык" ишканасы көчөлөрдү көбүрөөк жууйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Көчө жууган 20дай автоунаа күнү-түнү иштейт. Мисалы, күндүзү саат 13.00дөн иштей баштаса, түнкүсүн саат 2.00дөн эртең менен 8.00гө чейин көчө жуушат.

Шаар тургундары менен коноктор саат 10.00дөн 19.00гө чейин калаанын борборундагы фонтандардын салкын илебине келсе болот. Ал эми "Ала-Тоо" аянты менен Тарых музейинин алдындагы фонтандар 21.00гө чейин иштейт.

Шаар мэриясы бул күндөрү тургундарды ачык асман алдында көп жүрүп, ден соолугуна залака тийгизип алуудан оолак болууга чакырат. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0