Бишкекте балдарды коргоого багытталган түз байланыш номерлери иштеп жатат

Жазылуу
Комиссия жума сайын жыйын өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди жөнгө салып турмакчы.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаанын ар бир районунда балдар иши боюнча түз байланыш кызматы иштеп жатканын маалымдады.

Шаардыктар ушул номерлер аркылуу социалдык маселелер, балдарга байланыштуу иштер боюнча кайрылып, ошондой эле мектептерде жана үйдө балдарга жасалган зомбулуктарды кабарлай алышат.

Телефон номерлер:

  • Биринчи Май району — 0(312) 66-15-37;
  • Октябрь району — 0(312) 51-03-75;
  • Свердлов району — 0(312) 53-05-76;
  • Ленин району — 0(312) 65-69-10.

Бул боюнча иш алып барган комиссия жума сайын жыйын өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди жөнгө салып турмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0