Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес

© Фото / Кубанычбек Жумашов Участница танцевальной группы "Тумар" Самыйбек кызы Адина
 Участница танцевальной группы Тумар Самыйбек кызы Адина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адина Самыйбек кызы коомчулукка "Тумар" бийчилер тобунун мүчөсү катары таанымал. Эми ал белгилүү өнөрпоз Атай Өмүрзаков жетектеген "Тотем шоу" тобунда да бийлеп, ийгилик жаратууда.

Жакында эле "Тотем шоу" тобу Кытайдагы World's Got Talent сынагына катышып, финалга чейин чыккан. Жыйынтыгында 50 мамлекеттин ичинен сегиз мыкты топтун катарына кирген. Алардын номерлери көрөрмандардын купулуна толуп, калыстардын көзүнө жаш алдырган. Бөтөнчө алардын көзүнө топтогу Адина урунган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Адина Самыйбек кызы менен маек курду.

Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Сакадай бою сары алтын Атай Өмүрзаков 27 жашта! Бийчи тууралуу 10 факты
Бийчи кыз 21 жашта. Ысык-Көлдө төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгон. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын "Тумар" бий тобу менен Братиславада болгон "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагында III орунду алган. "Открытый Казакстан" деп аталган сынактын баш байгесине татыган. 2015-жылы Түркиянын "Минута славы" долбоорунда финалга чыккан. Ошондой эле бир катар сынактарга катышкан.

Мындан тышкары, 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин колунан кайраттуулугу, эрктүүлүгү жана турмуштук оор кырдаалда татыктуу жашоого жана эмгекке умтулгандыгы үчүн Даңк медалын алган.

— Адина, сиз кандайча "Тумар" тобунда жүрүп, Атай Өмүрзаковдун командасына кошулуп калдыңыз?

— Мен учурда эки топто тең бийлейм. "Тумардан" чыгып кеткен жокмун. Биздин жетекчибиз Эрмек Кадыров менен Атай Өмүрзаков көптөн бери тааныш. Керектүү учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүп келебиз. Алар быйыл сынактарга карап эки топтон куралган жаңы "Тотем шоу" группасын түзүүнү акылдашкан экен. "Тумардан" мени алышты, калганы Атай байкенин балдары болду. 

© Фото / с официальной страницы конкурса Česko Slovensko má talentАдина Самыйбек кызы: мен учурда эки топто тең бийлейм. "Тумардан" чыгып кеткен жокмун.
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес  - Sputnik Кыргызстан
Адина Самыйбек кызы: мен учурда эки топто тең бийлейм. "Тумардан" чыгып кеткен жокмун.

— Атай Өмүрзаков менен иштешүүгө көнүү кыйын болгон жокпу?

— "Тумарда" акробатикалык трюктар болгондуктан, музыкага көңүл бөлчү эмес экенбиз. Атай байке музыкага бөтөнчө басым жасарын билдим. Музыканы жан дүйнөң менен сезип, ар бир ыргагына жараша кыймыл аракет жасаш керек болду. Башында кыйналдым. Топтогу балдар менен тил табышуу оор болгон жок. Билбеген жерлеримди балдар "эжелеп" үйрөтүп жатышты.

— Буга чейин "Тумар" тобу менен АКШ жана Европадагы сынактарга барчу элеңер. Кытайдагы конкурсту кандайча тандап алдыңар?

— Ал жактан Атай байкеге чакыруу келген экен. Мен топко кошулганда эле Кытайга барабыз деп даярданып жатышыптыр. Баса, Кытайды биринчи ирет көрдүм.

— Кытайдагы World's Got Talent шоусунун чейрек финалындагы "Шамдагай абышкалар" номериңер элдин купулуна толгонун видеодон күбө болдук. Калыстар сизге суроо дагы узатышты. Чоң сахнадан сүрдөдүңүзбү? 

© Facebook/ ADEM CREW & Atai OmurzakovАтай Омурзаков и его новая группа поразили жюри World's Got Talent. Видео
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес  - Sputnik Кыргызстан
Атай Омурзаков и его новая группа поразили жюри World's Got Talent. Видео

— Сахнадан баштан-аяк сүрдөдүм. Бийлеп жатканда ката кетирип албасам экен деп аябай санаа тарттым. Калыстар бийдин маанисине кызыгып сурашты. Сценарий боюнча улгайган адамдар окумуштуулар ойлоп тапкан эликсирди ичип алып, жашарып кетет дагы бийлеп башташат. Ал номерди жеткирүүнүн максаты - адам карыганына жана ар кандай чектөөлөргө карабастан, бийлегиси келсе, аны аткарышы керек деген ойду бергибиз келген. Бетибизди карган адамдай боеп чыктык эле, калыстар "чыныгы жүзүңөрдү көргүбүз келет" деп суранышты. Биз канчада экенибизди айтып, бирок өз бетибизди кийинки турга өтүп калсак көрсөтөрүбүздү айттык. Элди кызыктыргыбыз келди.

— Кийинки турдагы бийиңер дагы жакшы болду. 

© Facebook / Atai OmurzakovКоманда Атая Омурзакова вышла в финал международного шоу талантов. Видео
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес  - Sputnik Кыргызстан
Команда Атая Омурзакова вышла в финал международного шоу талантов. Видео

— Ал номер "Музейдеги түн" деп аталды. Сценарий боюнча кечинде музейде пол жуугуч жалгыз калып калат. Бир убакта статуялар ойгонуп, аны менен биргеликте бийлеп башташат. Тарыхый образ менен чыгып, бетибизге колонун түсүндөй боекту жаап алганбыз. Анда дагы калыстар чыныгы жүзүбүздү көрө алышкан жок. Финалда гана күбө болушту.

— Сынактын финалындагы жетимдер үйүндө чоңойгон балдардын тагдырын чагылдырган номериңер калыстардын көзүнө жаш кылгыртты. Анда жетимдер үйүнөн чүрпө багып алганы келген ата-энелер жалаң ден соолугу чың бөбөктөрдү алып кетип, аягында майып кыз калып калат. Атай Өмүрзаков окуя чыныгы жашоодон алынган деди. Сиз дагы мындай учурларды кездештиргенсизби? 

© YouTube/ 湖南卫视芒果TV官方频道 China HunanTV Official ChannelТанцоры Атая Омурзакова заставили прослезиться жюри World's Got Talent. Видео
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес  - Sputnik Кыргызстан
Танцоры Атая Омурзакова заставили прослезиться жюри World's Got Talent. Видео

— Менин жашоомдо мындай учур болгон эмес. Ата-энем бар. Төрт бир туугандын кенжесимин. Өзүм Ысык-Көлдөн болом, үй-бүлөм ден соолугума байланыштуу Бишкекке көчүп келишкен. Кичинекей кезимде эле ушундай төрөлгөм... Шаардагы "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунда окуп, бийлегенди үйрөндүм. Тагыраагы, ата-энем элден кем кылбоо үчүн болгон күчүн жумшашты.

Калыстарды ыйлатуу оңой болгон жок. Жөн эле бийлеп коюу жетишсиз эле. Актёрлук чеберчилик талап кылынды. Образга кирүү үчүн Атай байке бизди күзгү алдында иштетти. Ошону эл алдында ишке ашыруу дагы чоң жоопкерчилик болду.

— Сынакты утпай калганда капа болдуңуздарбы?

— Өтө чөккөн жокпуз. Дүйнөлүк сынакка катышуунун өзү жеңишке тете болду. Эң күчтүү командалар чогулган эле. Биринчи турдан өткөнүбүздө топтогу бир бала толкунданып кетип ыйлап жиберген.

© Фото / Кубанычбек ЖумашовАдина Самыйбек кызы: "Тумар" тобунун залы жок. Мурда бүтүп кеткен "Үмүт-Надежда" борборуна барып машыгабыз. Атай байке убактылуу студияларды алып турат.
Кытайлык калыстарды жашыткан Адина: чыныгы жашоом жетим балдардай эмес  - Sputnik Кыргызстан
Адина Самыйбек кызы: "Тумар" тобунун залы жок. Мурда бүтүп кеткен "Үмүт-Надежда" борборуна барып машыгабыз. Атай байке убактылуу студияларды алып турат.

— Эми кайрадан сиздерди сынактан качан көрөбүз?

— Азырынча эс алып жатабыз. Жай бүткүчө Ысык-Көлдө болом. Андан кийин сынактар тууралуу пландаштырып баштайбыз. 

— Пианинодо ойногон өнөрүңүздү дагы өркүндөтүп жатасызбы?

Студентка Акылай Батырбекова, будет представлять Кыргызстан на сессии ООН - Sputnik Кыргызстан
4 тил билгениме сыймыктанбайм деле. КРдин атынан БУУга бараткан Батырбекова менен маек
— Пианинону "Үмүт-Надежда" борборунда окуп жүрүп үйрөндүм. Аны бүткөндө борбордогу музыкалык колледждин пианино бөлүмүнө тапшырдым. Тилекке каршы, биздин өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар жок. Майып арабасындагы адамга сөзсүз бирөөнүн көмөгү керек. Сабактарымдын бири үстүңкү кабатта болсо, экинчиси астыда эле. Балдар көтөрүшүп жардам берип жүрдү. Кечке жардам сурай берип дагы тартынат экенсиң. Кышында суукта келүү да окуума кыйынчылык жаратты. Бир ай билим алгандан кийин чыгууга аргасыз болдум. Азыр пианинодо ойнобойм, унутуп баратам.

Негизги ой-максатым колледжди бүткөндөн кийин бала бакчада же башталгыч класстарга мугалим болгум келчү. Эмнеге экенин билбейм, кичинекей балдарга абдан жакынмын.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Адина Самыйбек кызы (@adina.s1997)

— Бийлегенден тышкары иштейсизби?

— Колледжден чыккандан кийин тырмак мастеринин курсун окуп алгам. Сулуулук салонунда эмгектенем.

— Атайын машыккан студияңар барбы?

— "Тумар" тобунун залы жок. Мурда бүтүп кеткен "Үмүт-Надежда" борборуна барып машыгабыз. Атай байке убактылуу студияларды алып турат. Кээде батирдин ичинде деле машыга беребиз.

— "Тумар" тобун кайрымдуулук иштеринен көрүп калабыз. Мисалы, онкологиялык жактан ооругандардын аспабына акча кошуп, карылар, жетимдер үйүнө барып, концерттерге акысыз катышасыңар. Өзүңөрдө деле каражат тартыш болсо керек, мунун баары эмне үчүн?

— Көңүл үчүн. Чындыгында бизде деле дайыма акча боло бербейт. Мүмкүнчүлүк болуп калганда балдардын көңүлүн көтөрүп, ата-апалардын батасын алып турабыз. Алар сүйүнсө, биз андан бешбетер кубанып калабыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Адина Самыйбек кызы (@adina.s1997)

— Сизди үлгүлүү жаштардын катарында деп тартынбай айта алам. Тагдырдын сыноосуна сынбай, ийгилик жаратуу үчүн эмне кылуу керек?

— Жашоодо сынбаш керек. Ийгилик жаратуу үчүн чоң нерсенин деле кереги жок. Ата-энеңдин, досторуңдун, устаттардын колдоосу маанилүү. Менин стимулум — үй-бүлөм. Алар мени ушул деңгээлге жеткирүү үчүн канча күч жумшаганын эстегенде, алдыга умтулуу үчүн күч алгандай сезилем. Көп нерсе өзүңдүн каалоо, аракеттериңе да байланыштуу болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0