Ысык-Көлдүн жээгинде эс алгандар. Архивдик сүрөт

Сууга кийимчен түшпөңүз. Көл жээгинде эс алуу этикети

1544
(жаңыланган 16:04 29.07.2019)
Жай, көл, толкундун шарпылдаган үнү, көптөн күткөн эмгек өргүү... Албетте, бардык түйшүктү унутуп коюп, бутту керип эс алгың келет.

Анткен менен көл жээгиндеги мындай баалуу сааттарды өзүңдүн же өзгөнүн бир эле туура эмес аракети бузуп коюшу мүмкүн.

Эс алуудан чындап ырахат алгыңыз келсе, пляж маданияты тууралуу билип алган ашыкча болбойт. Сөз жок деңизчи, төмөндө айтылчулардын көбүн бала кезден эле билебиз. Бирок айрымдарын маанисиз деп ойлоп, аткарбай жүрүшүбүз ыктымал.

Көл жээгинде эс алуунун эрежелери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Тулку бойду "иреттеп" алыңыз

Көл жээгинде ыңгайсыз болуп отурбайын десеңиз, колдон келишинче ашыкча салмактан арылыңыз. Андан тышкары, педикюр, маникюр жасатып, денедеги ашыкча түктөрдү алып койгон туура. Баса, сууга түшүүчү костюмдун (купальниктин) өзүңүзгө жарашыктуу, дененин кемчиликтерин жашырып турганын алыңыз.

Кийинүүчү кабина

Пляждын ортосунда, элдин көзүнчө бирөөгө сүлгү карматып алып кийим алмаштыруу — маданиятсыздык. Ал үчүн атайын кабиналар бар.

Тазалык

Баягы эле аягына чыкпас тазалык темасы бул жерде дагы өтө актуалдуу. Желим идиш, чылымдын калдыгы, чемичкенин кабыгы кум менен суунун эң чоң душманы! Мейли бөтөлкө, баштыктарды терип кетет дейли, ал эми тиги экөөнү кумдан кантип ажыратат? Мунун баары аз келгенсип, айрым ата-энелер кичине балдарын отурган жерине заара ушаттырып койгон учурлар болот. Эртеси эле ал жерден жагымсыз жыт чыгары турган иш да. Эмнеси болсо дагы көл жээгине бир нерсе таштап кетерден мурда жакшылап ойлонолучу. Ал жердин тазалыгы өзүбүздөн башка эч кимге кереги жок.

Тынчыраак болгула!

Айланадагылар деле силер сыяктуу мээ сергители деп келген. Андыктан акырын сүйлөшүп, музыканын үнүн басаңдаталы. Жээктегилердин баары өзү каалагандай кыйкырып-өкүрүп, ызы-чуу салса эмне болорун элестетсеңиз. Эгер теңтуштар чогулуп көңүлдүү ыр-күлкү менен эс алгысы келсе, көпчүлүктөн оолагыраак барганы жакшы. Анткени достор арасында ар кандай тамаша, кептер айтылат эмеспи. Ал нерсе башкалардын кыжырын гана келтириши мүмкүн.

Бейтааныш адамды сүрөткө тартпа

Көл жээгиндеги эс алуу учурунда бейтааныш адамдарды сүрөткө тартып алуу жат көрүнүш. Жакшы таанышың болсо деле фотоаппаратты иштетерден мурун уруксат сураган туура болот. Чогуу сүрөткө түшсөңөр, аны "башка бирөөгө көрсөтсөм, же социалдык тармакка жарыяласам болобу?" деп бир ооз сурап коюңуз. Анткени ар бир эле адам эс алуу учурундагы "макияжсыз", жарым жылаңач кебетесин башкалар көрүшүн каалабайт.

Кийим-кечек

Пляждан тышкары дүкөн же кафеге чыга турган болсоңуз, купальниктин сыртынан бир нерсе кийип алууну утутпаңыз. Баса, сууга атайын костюмдан башка кийим менен түшпөй эле койгон туура. Эки күндөн бери чече элек футболкаңыз башкаларды жийиркентиши мүмкүн. Эгер классикалык купальник менен сууга түшүүгө диний ишенимиңиз, же дагы башка себептер жол бербесе, азыр дене бойду толугу менен жапкан суу костюмдары толтура.

Ичимдик трагедияга алып келиши мүмкүн

Албетте, эс алууда тамылжып, жай-баракат отуруу үчүн кичине ууртап-татып койсо болот. Бирок ашыкча ичип алуу — башкалардын тынчын гана албастан, трагедияга дагы алып келиши мүмкүн. Анткени ичип алып сууга чөгүп кеткен мисалдар аз эмес.

 

1544
Белгилер:
ден соолук, этикет, эс алуу, Ысык-Көл
Тема:
Өзүн алып жүрүүнүн эрежеси (42)
Тема боюнча
Тамак чайнаба, оройлонбо, "жомок" айтпа. Телефондо сүйлөшүү этикети
Чала тааныш адамдын мээсин чакпа! Мессенджер колдонуу этикети
Алай районунда жаңы ачылган жугуштуу илдеттер ооруканасы

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт

37
Алгач имарат мектеп катары колдонууга берилген, коронавирус күчөгөндөн кийин оорукана катары иштетүү буйругу чыккан.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

  • Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, пайдаланууга берилди
    Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, пайдаланууга берилди
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
  • Ага ылайык, аталган имарат 1996-жылы курулуп бүткөн
    Ага ылайык, аталган имарат 1996-жылы курулуп бүткөн
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
  • 1999-жылы орто мектеп катары колдонууга берилген
    1999-жылы орто мектеп катары колдонууга берилген
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
  • Пандемиялык кырдаалда зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, жеке демилгелер менен ишке ашырылды.
    Пандемиялык кырдаалда зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, жеке демилгелер менен ишке ашырылды
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
1 / 4
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, пайдаланууга берилди

Ага ылайык, аталган имарат 1996-жылы курулуп бүткөн. 1999-жылы орто мектеп катары колдонууга берилген. Пандемиялык кырдаалда зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан каржыланып, жеке демилгелер менен ишке ашырылды.

Учурда толук бүтүп, жабдылган портативдүү рентген да орнотулду. Оорукана коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды кабыл алат.

Эскерте кетсек, өкмөттүн Оштогу өкүлү Жарасул Абдураимов ушул айдын башында курулуш иштеринен кабар алган.

37
Белгилер:
мектеп, курулуш, имарат, оорукана, Алай району
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жуктургандар, айыккандар. Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал
Ош шаарында беш жаңы мектеп курулуп жатат. Даректери
Өкмөттүн маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов. Архив

Чыңгыз Эсенгул уулунун эгизи Кундуз: экөөбүз тең милиционер болууну самачубуз

428
(жаңыланган 18:21 29.11.2020)
Элибиз эзелтеден эле эгиздерге өзгөчө мамиле жасап, ал тургай аларга карата ар кандай ырым-жырымдарды да колдонуп келген.

Кээде эгиздердин бири коомчулукка белгилүү болсо, айрым учурда экөө тең ар тармакта ийгиликке жетишип, таанымал эгиздер атыгышат.

Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы өкмөттүн маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Чыңгыз Эсенгуловдун эгизи Кундуз Эсенгул кызы менен баарлашты. Кундуз учурда Нарында жашайт, кесиби боюнча юрист. Жолдошу менен эки уулду тарбиялап, аларга татыктуу тарбия берип келишет.

— Чыңгыз Эсенгулов коомчулукка белгилүү адам. Ал адамдын эгизи бар экенин көбү билбесе керек. Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Мен 1987-жылы Нарын шаарында туулуп-өскөм. Кийин беш жашымда Бишкекке көчүп кеткенбиз. Бирок 8-классымда кайрадан Нарындагы орто мектепте окудум. Себеби эжеме кол кабыш кылууга туура келди. Улуу эжем ошол учурда турмушка чыгып, жаш аялмет эле. Кийин 9-класстын базасы менен юридикалык колледжде билим алдым. Аны бүтөрүм менен эле Юридикалык академияга тапшыргам. Кесибим боюнча юристмин. Азыр Нарын шаардык сотунда судьянын катчысы болуп иштейм.

Руководитель пресс-службы правительства Кыргызстана Чынгыз Эсенгулов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кундуз Эсенгул кызы: Мен эгизим менен абдан сыймыктанам. Биздин атабыз кичинебизде эле каза болуп калган. Ошол себептен Чыңгызды бир эсе агамдай, бир эсе атамдай көрөм.

— Үй-бүлөңүз менен Нарында жашайт турбайсызбы?

— Ооба. Жолдошумдун кесиби электрик. Азыр ушул тармакта башкы көзөмөлдөөчү болуп эмгектенет. Мектепте окуган эки уулубуз бар. Экөөбүз 2007-жылы Самара шаарынан таанышып, кийин Кыргызстанга келип баш коштук. Кайра Россияга барып беш жыл жашап, жолдошум жалгыз бала болгондуктан Нарынга келүүгө туура келген.

Экс-глава пресс-службы правительства Чынгыз Эсенгулов с близнецом Кундуз Эсенгул кызы
© Фото / из личного архива Кундуз Эсенгуловой
Чыңгыз Эсенгулов эгизи Кундуз Эсенгул кызы жана апасы менен

— Эми эгизиңиз тууралуу сүйлөшсөк. Эгиздин түгөйү болгон жакшыбы?

— Ооба, жакшы. Мен эгизим менен абдан сыймыктанам. Биздин атабыз кичинебизде эле каза болуп калган. Ошол себептен Чыңгызды бир эсе агамдай, бир эсе атамдай көрөм.

Руководитель пресс-службы правительства Кыргызстана Чынгыз Эсенгулов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Чыңгыз менен Кундуздун ортосу 15 мүнөт. Биринчи болуп жарыкка Чыңгыз келген.

— Азыр да жакынсыздарбы? Дегеним, эки башка бүлө куруп, өз түйшүгүңөр бар дегендей...

— Ооба, башка бир туугандарыбызга караганда экөөбүз аябай жакын болуп калдык. Сырдашабыз. Мен Бишкекке барганда сөз жок Чыңгыздыкына барам. Ошол жакта болом. Анын үстүнө апам да уулунун колунда. Биздин үйдө Чыңгыз жалгыз уул бала болгондуктан ага таянам. Анын үстүнө төрөт убагында экөөбүздүн ортобузда 15 мүнөт айырма болуп, ал менден биринчи төрөлүптүр. Мага байке дагы, атанын ордуна ата да болуп, ушу күнгө чейин жанымда жүрөт. Кадимкидей эле атама эркелегендей эркелейм. Чыңгыз ажыга барган кезде эмнегедир менде да абдан жагымдуу сезимдер болгон. Ал кезде мен Россияда элем. Меккеден мага видео аркылуу байланышып "мына, Меккеде жүрөм" деп сүйүнүп көргөзгөн эле. Ошол сезимдер эсимде, мен да кошо баргандай болгом. Чыңгызды материалдык болбосо да моралдык жактан дайыма колдогонго аракет кылып келем.

Экс-глава пресс-службы правительства Чынгыз Эсенгулов с близнецом Кундуз Эсенгул кызы
© Фото / из личного архива Кундуз Эсенгуловой
Чыңгыз Эсенгуловдун эгизи Кундуз Эсенгул кызы менен

— Кичинеңерде чогуу ойноп, издешкен жакын белеңер же кадимки бир туугандардай эле өстүңөрбү?

— Албетте, кичинекей кезде урушкан учурлар көп эле болот. Ойноп жатып урушасың, кайра табышасың. Чыңгыз өзү абдан ак көңүл. Бирөөгө көп таарынбайт. Же бат эле жазылып кетет. Экөөбүз 6-класска чейин бир класста окудук. Апабыз Россияда иштегендиктен, 6-классты ошол жактан окуганбыз. Андан кийин Нарынга кетип калдык. Чыңгыз Нарындагы Кыргыз-түрк лицейинде окуду. Жогоруда айткандай, биз 1-класста окуп жүргөндө эле атабыз каза болуп калган. Апам жалгыз өзү беш баланы тарбиялап, жогорку билим берди. Бизди ушул даражага жеткирген ошол киши. Апам билими боюнча биолог болгондуктан Нарындагы медициналык окуу жайда сабак берчү. Бирок турмуш шартка байланыштуу кийин Россияга барып соода кылып жүрдү. Кичинекей кезибизде Чыңгыз экөөбүз бир бала бакчага барып, чогуу ойноп, жетелешип чоңойдук. Мен ооруп калсам, Чыңгыз да ооруп калчу. Же тескерисинче болчу. Ортодо кандайдыр бир байланыш бар, башка бир туугандарыңа караганда, баары бир өзгөчө жакындык болот экен. Чыңгыз Бишкекте жүрүп ичинен кыжалат болуп жатса, мен да сезем. Кадимкидей өзүмчө жаман боло берем.

Заведующий отделом информационного обеспечения Аппарата правительства Кыргызстана Эсенгул уулу Чынгыз
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Чыңгыз Эсенгулов буга чейин өкмөттүн маалымат кызматын жетектеп келген

— Кесип тандоого келгенде эмне түрткү берди. Кандайча тандап калдыңыздар?

— Чыңгыз кичинесинен эле музыкага жакын болчу. Ал кезде "Ямаха" алуу кыял эле да. Жыгач рейкага "Ямаханын" сүрөтүн тартып алып эле черте берчү. Бизге "Руки вверхтин" ырларын ырдап, концерт да коюп берген учурлары болгон. Бирок экөөбүз тең чоңойгондо милиция кызматкери болууну самачубуз. Кийин ал Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде окуп, мен апамдын сунушу менен юридикалык жогорку билимге ээ болдум. Апам "сен юрист болууга татыктуусуң, юрист же сот болгонуңду көргүм келет" деп айткандыктан, мен ушул кесипти тандап кеткем. Чыңгыз жөндөмүнө жараша журналистика айдыңында эмгектенип калды.

Экс-глава пресс-службы правительства Чынгыз Эсенгулов с близнецом Кундуз Эсенгул кызы
© Фото / из личного архива Кундуз Эсенгуловой
Кундуз Эсенгул кызы: Чыңгыз кичинесинен эле музыкага жакын болчу. Ал кезде "Ямаха" алуу кыял эле да. Жыгач рейкага "Ямаханын" сүрөтүн тартып алып эле черте берчү. Бизге "Руки вверхтин" ырларын ырдап, концерт да коюп берген учурлары болгон.

— Тукумунда эгиз болгондо гана эгиз төрөлөт дешет го...

— Атамдын таенеси эгиз төрөгөн экен. Келечекте бизде да эгиз болор деп күтөбүз. Менин үй-бүлөмдө же Чыңгызда, мүмкүн эжелерибиздин үйүндө эгиз бөбөктөр төрөлүп калар .

428
Белгилер:
Нарын, кесип, оюн, окуу, эгиз, Чыңгыз Эсенгул уулу
Тема боюнча
Чыңгыз Эсенгул уулу: мен кара тору бала болсом, эгизим узун бойлуу, ак жуумал
Эсенгул уулу: эжемдин сунушу менен радиого аралашып калгам
Медициналык кызматкерлер COVID-19дан каза болгон адамдын өрттөө үчүн көтөрүп жатышат. Архив

Сөөгү өрттөлүп, о дүйнөгө узаган "маркум" кайтып келди. Индиядагы окуя

0
(жаңыланган 19:37 29.11.2020)
Эркек киши коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырылып, бир нече күндөн кийин каза болду деген кабар келген.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Индияда эркек киши үй-бүлөсү сөөгүн ооруканадан алып кетип өрттөп салгандан бир жумадан кийин үйүнө келди. Бул тууралуу NDTV телеканалына таянуу менен РИА Новости жазды.

Ноябрдын башында 75 жаштагы кишини коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырышкан. Бир нече күндөн кийин ал каза болду деген кабар жакындарына угузулган. Сөөгү вирусту алдын алуу протоколуна ылайык сакталып, жакындарына анын бети гана көрсөтүлгөн.

Туугандарынын айтымында, сөөктү өрттөп, атайын ырым-жырымды өткөрүүгө даяр турушкан. Бирок аларга ооруканадан чалышып, сакайып чыккан жакынын алып кетүүнү өтүнүшкөн.

"Биздин оозубуз ачылып калды. Атабызды аман-соо үйгө алып келдик. Бирок кимдин сөөгүн өрттөгөнүбүздү билбейбиз", — деген кишинин уулу.

Кийин териштире келгенде, үй-бүлө мүчөлөрү коронавирус жуктурган дагы бир улгайган бейтапты кремациялаганы белгилүү болгон.

0
Белгилер:
өрттөө, сөөк, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Казакстанда эки ай мурда сөөгү жерге берилген адам үйүнө кайтып келди