Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу

Журналистика, саясий амбиция, депутаттар жөнүндө. Ибраим Нуракун уулу менен маек

443
(жаңыланган 09:27 22.07.2019)
Кайсы бир мекеменин ишин чагылдырууда анын басма сөз кызматы олуттуу орунду ээлейт. Маалымат катчылар дасыккан адис болуудан сырткары, министрликтин же ведомствонун багытын мыкты түшүнүшү зарыл. Бирок бул талаптарды ким кандай аткарып жатканы — башка кеп.

Өлкөнүн күрөө тамыры болгон парламенттин да мына ушундай басма сөз кызматы бар. Башкалардан айырмаланып, бул жерде 120 депутат отурат. Алардын ар биринин ишин элге жеткире билүү — чоң милдет.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна ары түйшүктүү, ары кызыктуу иши жөнүндө кеп куруп берди.

Руководитель пресс-службы Жогорку Кенеша Ибраим Нуракун уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖКнын пресс-кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу

— Ибраим Нуракунович, сиз бир нече чет тилдеринде эркин сүйлөгөн тажрыйбалуу журналист болуп туруп, маянасы аз, мамлекеттик жумушка келип отурасыз. Максатыңыз парламенттин кийинки чакырылышында депутат болуубу?

— Чынын айтсам, башында ушундай ойлор болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеп, кийин эл өкүлдөрүнүн катарына кошулсамбы дегем. Ал тургай КТРК жетекчилигине талапкерлигимди да саясатка аралашуу максатында койгом. Бирок соңку учурларда бул ойдон кайткым келип жүрөт. Буга үч жылдан бери парламенттин басма сөз кызматын жетектөө менен аны ичинен билип, тааныгандыгым, мектеп курагымдан бери багып келе жаткан кесибимдин баа-наркы себеп болууда. Негизи кайсы бир партияга мүчө болуп, саясатка аралашкан журналист кесибине чекит коёт. Менин түшүнүгүмдө журналистика эркин кесип. Журналист өзүн партияга байлоо менен эркиндигинен дароо ажырайт. "Беш жылдык мандат ушундай жоготууга татыйбы?", - деген суроону өзүмө бердим.

Учурда партиялардан сунуштар түшүп жатат. Менин журналисттик тажрыйбам, кайсы бир партияга кошулуу менен коомго көбүрөөк пайда келтирет беле деген да ойлор жок эмес. Айтор, учурда так бир чечимге келе элекмин.

Ал эми маянасы аз мамлекеттик жумушка келгенимдин да себеби бар. Жогоруда сиз белгилеп кеткендей, чет тилдерин билген адис катары батышта жашап, атуулдугун алып, балдарыма ошол жактан билим берүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал тургай мен ошондой жашоону баштаган элем. Бирок жашоом жакшы, баары ойдогудай болгону менен жүрөгүмдө бир түпөйүлдүк, мекендин тагдырына кайдыгер карап коё албаган сезимдер жашап келди. Ушундай күндөрдүн биринде мен жашаган Улуу Британияга Бактыгүл Каламбекова элчи болуп келип калды. Мен иштеген кеңседе эфирден кийин чай ичип, жалпы жамаат менен баарлашып отурдук. Ошондо кесиптештеримдин бири, "эмнеге Ибраимге окшоп чет элде иштеп жүргөн билимдүү, көп тил билген адистерди мамлекеттик башкарууга тартпайсыздар?", — деп элчи эжеден сурады. Элчинин айткан жообу менин жан дүйнөмө кыттай уюду.

Ал "мамлекеттик кызматты эч ким табакка салып алдыңарга тартпайт. Эгер өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкуңар келсе, жан үрөп келечегине тынчсыздансаңар, анда баргыла. Бизге окшоп аз айлыкка чыдап иштегиле, өз карьераңарды жасагыла. Балким, кайсы бир тармакты өнүктүрүп, тарыхта калган инсанга айланасыңар, мүмкүн дал сиздердин билимиңиздер жетишпей жаткандыр. Эгер иштин майын чыгара жасасаңар кызмат эч жакка качпайт" деди. Мен бул ойго абдан кошулам. Экинчиден, 2010-жылдардагы республикадагы өзгөрүүлөр, коомдун активдүүлүгү, өнүгүүгө болгон ынтызарлыгы мени мамлекеттик кызматка алып келди.

Руководитель пресс-службы Жогорку Кенеша Ибраим Нуракун уулу в юности
© Фото / из личного архива Ибраима Нуракун уулу
Ибраим Нуракун уулу: КТРК жетекчилигине талапкерлигимди саясатка аралашуу максатында койгом

— КТРКнын жетекчилигине талапкерлигиңизди койгондо пиар кампанияңыз кол алдыңыздагы кызматкерлериңизге "мени колдобогула" деген чакырык менен коштолду. Өзүңүзгө ошончолук ишендиңизби же атаандаштык калыс жүрүүсүнө кылган далалатыңыз беле?

— Мени Би-Би-Си калыс, ачык журналист болууга үйрөттү. Кайсы бир жалпыга маалымдоо каражатына жетекчи болуп баруу мен үчүн статус, аброй эмес. Барган жериме жаңы нерсени киргизүүгө, эл менен жакын иштешүүгө жана ачыктыкты, калыстыкты камсыздоого аракеттенем. Мени журналистикада жөн гана жетекчилик кызматтарды аркалап келген адис катары эмес, ошол мекеменин ишмердүүлүгүн алдыга жылдырган, салым кошкон, жаңылык киргизген адам катары эстеп калышын каалайм.

КТРК өлкөнүн тарыхында орду бар, олуттуу мекеме. Бул жерге жетекчи болуу да оңой эмес. Буга чейин башкарып келген бардык жетекчилерине сыйым күч. Ошону менен катар эле аткарылчу иштери да көп. Мен талапкерлигимди коюп жатканда колдогондор арбын болду. Депутаттар, фракция жетекчилери, комитет башчылары баары "кандай жардам керек?", "кетишиңди каалабайбыз, бирок колдоо керек болсо айт" деп жатышты. Коллективим да жан дили менен күйүп, сүрөп турду. Мен бул инсандарга терең ыраазымын. Эгер алардын сунуштарын колдоно турган болсом, утуп алуу мүмкүнчүлүгүм жогору эле. Утпай калганыма өкүнбөйм жана азыркы жетекчиси Жайнак Үсөн уулуна албан ийгиликтерди каалайм.

Руководитель пресс-службы Жогорку Кенеша Ибраим Нуракун уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖКнын пресс-кызматынын жетекчиси: ачык парламент түзүүгө бут тоскон депутаттар да болду

— Сиз Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектегенден бери парламентте ачыктык байкалды. Муну ишке ашырууда кыйынчылыктар болдубу?

— Албетте, парламентке ачыктык орнотуу оңойго турган жок. Жыйындарды тарталы деп эле камера сатып келип орнотуп коюу менен иш бүтүп калбайт экен. Депутаттардын арасында караманча каршы тургандары да, бут тоскондору да болду. Басма сөз кызматы кайсы эл өкүлү кандай интервью берет, өзүн кантип алып жүрөт, кимиси социалдык тармактарда катталган, ал баракчаларында эмнелерди жарыялайт, кайсы гезитти, агенттикти окуйт, журналисттердин кимиси менен кандай мамиледе, шайлоочулары менен кандай маселелерди талкуулайт, айтор, бардык тарабынан иликтеп чыктык. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ачык парламент болуу, жыйындарды түз алып коомчулукка тартуулоо зарылдыгы бар экенине эл өкүлдөрүн ынандыра алдык. Маселе чечилген соң, ошол кездеги төрага Асылбек Жээнбеков менен бирдикте жарым жылдай ойлонуп, ийне-жибине чейин талкуулап жаттык. Жыйынтыгында камера сатып алынып, шаршемби жана бейшемби күндөрү "Пирамида" телеканалынан, "Парламент" радиосунан жана YouTube каналыбыз менен Facebook расмий баракчабыздан түз алып бере баштадык.

Чынында алгач, эл көрбөй койсо кантебиз деген тынчсыздануу болбой койгон жок. Башында эфирди бир учурда 200-300 адам көрүп жатса, азыркы тапта бир эле мезгилде 17 000 – 20 000 адам абай салып турат. Бир эфирдин алдына 10 000 деген комментарийлер жазылат. Тилекке каршы, анын дээрлик баары депутаттарга айтылган терс маанайдагы сын-пикирлер. Бирок ошентсе да, парламенттин басма сөз кызматы эл өкүлдөрүнүн жыйынын түз алып берүүнү токтотпой келет.

Терс комментарийлер көбүнесе алардын сүйлөгөн сөзүнө, сырткы келбетине карата айтылат. Бирок парламенттин табияты ушундай экен, эч бир өлкөдө депутаттар жашоочуларга жагып кетпейт. Өз парламентин сүйүп, мактап-жактаган мамлекетти азырынча кезиктирүүгө мүмкүн эмес.

Руководитель пресс-службы Жогорку Кенеша Ибраим Нуракун уулу с родителями
© Фото / из личного архива Ибраима Нуракун уулу
Ибраим Нуракун уулу: чет өлкөдө жашап калуудан баш тарттым

— Коомчулукта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылыштары мурдагыларына салыштырмалуу улам чабал болуп баратканы айтылууда. Сиз парламентти ичинен билген адам катары буга кошуласызбы?

— Мындай сөздөр бар. Мисалга айта кетсек ошол эле легендарлуу парламентте 350 депутат болгон. Алардын 50дөйү гана активдүү болсо, калганы жөн гана эл өкүлдөрүнүн катарын толуктап келген. Ушундай эле көрүнүш башка чакырылыштарда да орун алган. VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын иликтөөлөрүнө таянсак, учурдагы 120 депутаттын 60ы активдүү. 60тын жарымы социалдык тармактарга катталган жана алардын 15и эле пост жазып, түрдүү маселелерди интернет желеси аркылуу шайлоочуларына жеткирип, талкуулап турат. Булардын да 6-7си гана чечен, трибунадан өз оюн чеберлик менен билдире алган кара сөз ээлери. Бирок калган депутаттар деле алар жасаган иштерди аткарып, шайлоочулары менен жолугушуп, алардын ар кандай социалдык маселелерин чечүүгө жан үрөшөт. Анткени кайсы мамлекетте, канча жаштагы депутат болбосун, ал өз шайлоочуларына жакшы жагынан көрүнгөнгө аракет кылат. Андыктан, сөзгө чоркок же аткарган ишин жарыялагысы келбеген эл өкүлдөрүнүн баары чабал деп айтуу туура эмес. Коомчулуктун бул берген баасы реалдуулукка жатпайт деп ойлойм.

Руководитель пресс-службы Жогорку Кенеша Ибраим Нуракун уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ибраим Нуракун уулу: журналист өзүн партияга байлоо менен эркиндигинен ажырайт

— Бир жылдан соң парламенттин да мөөнөтү аяктайт. Эгер башка жогорку даражадагы кызмат сунушталса, кабыл аласызбы?

— Жогоруда айтып кеткендей эле журналист катары бир жерди жаңылап, өнүктүрүүгө салым кошуп, өз билген тажрыйбаң менен бөлүш деп чакырган бардык жерге барууга даярмын. Ал жогорку кызмат болобу же жокпу мен үчүн маанилүү эмес. Анткени мен журналистикага жөн эле келип калган жокмун. Бала чагымдан бул кесипке кадам таштап, мектеп курагымда дубал гезиттерине, райондук, облустук жана республикалык гезит, журналдарга жазгандарымды жиберип, ал тургай ошол кез үчүн чоң эле сумма болгон гонорар алганым эсимде.

Биздин заман ошондой болчу экен, андагы орто мектеп мугалимдери азыркы жогорку окуу жайда иштеп жаткан эже, агайлардын деңгээлинде окутушчу тура. Мен да мына ушундай сабаттуу, көп улуттуу Чат-Базар айылындагы мектепте билим алып чоңойдум. Менин жазмакерликке шыктуулугумду байкаган мугалимдерим сүрөп, канатыма канат байлап, шарт түзүп берип окутушту. Ал тургай гезитке чыккан макалаларым, ага келген калем акысы да почточу аркылуу бүт айылга белгилүү болор эле. Андыктан, менден бардык айылдаштарым журналист болуумду күтүшчү. Өзүм так илимдер - математика, физикага кызыгып, бул жаатта жакшы окуганым менен балалык жүрөгүмдө элдин ишенип ыйгарып жаткан кесибинен баш тартканым кечирилгис кылмыштай сезилип, журналистика боюнча билим алып, бул кесиптин ээси болуп калдым. Келечектеги эң изги тилектеримдин бири — кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө колумдан келишинче салым кошуу.

443
Белгилер:
келечек, журналистика, саясат, парламент, Ибраим Нуракун уулу
Тема боюнча
Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты
Дастан Жумабеков: 120 депутаттын баары мыйзам жазууга милдеттүү эмес
Истребители МиГ-29 и Су-30СМ пилотажных групп Русские витязи и Стрижи на воздушном параде Победы в Москве.

Россияда Жеңиш парады 24-июнда өтмөй болду

0
Мамлекеттин коргоо министри Сергей Шойгуга коопсуздукту камсыздап, тобокелдиктерди азайтуу тапшырылган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парады 24-июнда өтөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, мамлекет башчы иш-чарага даярдык көрүүнү баштоого буйрук берген. Коргоо министри Сергей Шойгуга коопсуздукту камсыздап, тобокелдиктерди азайтуу тапшырылган.

Путин ошондой эле "Өлбөс полктун" жүрүшүндө аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин айтып, аны 26-июлда, тагыраагы, Аскер-деңиз флотунан кийин өткөрүү пландалып жатканын белгилеген.

Эскерте кетсек, 9-майга пландалган парад жана "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл коронавирус эпидемиясынан улам өтпөй калган.

0
Белгилер:
иш-чара, Жеңиш парады, Владимир Путин, Россия
Ош базарынын айланасындагы унаалар. Архивдик сүрөт

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Тизме

16
(жаңыланган 18:23 26.05.2020)
Шаардын көчөлөрүнөн унаа токтотуучу жайларды, биринчиден, белгиге карап билсе болот. Экинчиден, ал жактарда кызгылт сары түстөгү атайын кийим кийген кызматкерлер турат.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Борбор калаада муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, коронавирустун айынан киргизилген карантинден улам кызматкерлер үйдө болуп, убактылуу унаа токтотуучу жайларга акы алынбай эле турган.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын тизмеси:

"Ош" базарынын айланасы

  • Бейшеналиев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Кулиев көчөсүнүн Токтогулдан Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан "Ала-Арча" суусуна чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш гвардия бульварынан Кулиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Орто-Сай" базары

  • Суеркулов көчөсүнүн Жукеев-Пудовкинден Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Юнусалиев көчөсүнүн Суеркуловдон Безымянный көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Суеркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Эски толчок" базары

  • Орозбеков көчөсүнүн Фере көчөсүнөн Можайский кууш жолуна чейинки бөлүгү;

"Комфорт" базары

  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросов көчөсүнө чейинки бөлүгү (Май-сыр базасы);
  • Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Огомбаев көчөсүнүн Гоголдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

"Сары-Өзөн" базары

  • Клубный кууш жолу.

"Бул жерлерде "унаа токтотууга болот" деген белгилер бар. Мындан тышкары кызматкерлерибиз атайын тигилген кызгылт сары түстөгү "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар кийимчен болушат. Ошондой эле бейджик тагынып, акы төлөгөндүгү тууралуу талон беришет. Талондун баасы турган убактысына карабай 25 сом", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 25-майдан тарта борбор калаада бардык базарлар иштей баштаган.

16
Белгилер:
көчө, белги, унаа токтотуучу жай, Бишкек
Тема боюнча
Кангелдиева: Бишкекке 45 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат