Стоматолог Эрбол Эмилбеков

25 жашында стоматология борборун ачкан Эрбол: түнкү үчкө чейин иштөө адатка айланды

1611
(жаңыланган 09:28 22.07.2019)
Стоматолог Эрбол Эмилбеков 25 жашында Стоматологиялык менчик клиникасын ачканга жетишкен. Дарыгерге кезекке тургандар көп болгондуктан, түнкү саат 2-3кө чейин иштегенге туура келет дейт.

Жаш болсо да илимий эмгек жазып, клиника иштетип, андан тышкары аспирантурада окуп жаткан тиш дарыгер менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маектешти.

— 25 жашта менчик клиниканы кантип ачтыңыз?

— Алгач кандайча стоматолог болуп калганым тууралуу айтып бербейминби?

Стоматолог Эрбол Эмилбеков во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте иштеген тиш дарыгер Эрбол Эмилбеков

— Макул.

— Кичинекей кезимде ата-энем бизди дайыма Нуралы деген тиш дарыгерге алып барчу. Анын борборунан киши үзүлчү эмес, кезекке тургандар өтө көп эле. Бейтаптарына жасаган жылуу мамилесин көрүп, "ушундай дагы дарыгер болот экен" деп аябай таасирленгем. Кийин "мен да чоңойгондо дарыгер болом" деп кыялдана баштадым. Мектептен биология, химия сабактарын жакшы окудум. 11-класста өз күчүм менен окууга өтөйүн деп Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы кечки окуудан билим алдым. Ошентип тырышып жатып аталган окуу жайдын медициналык факультетинин акысыз билим берген бөлүмүнө өтүп кеттим. Окуу жайдын босогосун аттаганда алдыма "дарыгер деген жоопкерчиликтүү жумуш, адамдын өмүрү бизге аманат. Ошондуктан жакшы окуп, беш жыл капаска камалган адамдай жашашым керек" деген принципти койгом. Ал — эки жакка көңүл ачканга көп чыкпоо, дос-тааныштарды азайтуу, кино-кафелердин санын кыскартуу деген түшүнүк болчу.

— Достор менен да эч жакка чыкчу эмес белеңер?

— Достор менен чанда гана жолукчумун. Бюджеттик негизде окуганыма карабай экинчи курстан баштап такси кызматында иштеп калдым. Анткени ата-энемден акча сурагым келчү эмес. Эртең менен сабакка барып, түштөн кийин такси айдап иштечүмүн. Убакытты үнөмдөп, кардар келгиче сабактарымды автоунаада отуруп алып окуп, ошол жактан доклад, рефераттын негиздерин даярдап, ойлорумду топтоп алчумун. Күйүүчү майга акча чыгарып алгандан кийин практикага жөнөйм. Практиканы сиздерге айтып жаткан Нуралы деген агайдан өткөм. "Жаштын тилегин берет" деген сөз чын айтылган. Ал киши менин устатым болуп көп мотивация берди.

Стоматолог Эрбол Эмилбеков в рабочем кабинете
© Фото / из личного архива Эрбола Эмилбекова
"Студент кезде такси айдап иштеп жүргөндө чогулткан акчага стоматологиялык кресло алып койгом", — дейт Эрбол Эмилбеков.

— Окуп эле жүрсөңүз темир тулпарды кантип алдыңыз?

— Экинчи курстан тарта сабактан кийин окуума тоскоол болбогондой бир жерде иштеш керек болду. Ойлонсом, эң ыңгайлуусу такси экен. Бул оюмду атама айттым. Ал киши "Дордой" базарында иштечү. Жайкы каникулда базардан бир контейнер ижарага алып берип, ал жактан канцелярдык товар саттым. Окуу башталарда аябай кардар көп болот эмеспи. Ошентип үч айдын ичинде бир унаанын акчасын чыгарып алгам.

— Өз алдынча канча жашыңыздан баштап иштеп баштадыңыз?

— Мектепте окуп жүргөндө, 10-класста досторум менен кафелерде иштечүмүн. Алар фотограф болчу, мени "соодага жакшысың го" деп сүрөт саттырышчу. Ошентип тойго келгендерге түшкөн сүрөтүн таратып иштеп калдым. Кичине чөнтөккө акча түшсө эле сүйүнчүбүз. Ал мезгилде 5000 сом аябай эле көп акча эмес беле. Бирок ал жакта аз эле иштедим. 11-класстан тарта күчүмдүн баарын билим алууга жумшадым.

Стоматолог Эрбол Эмилбеков во время визита в Китай
© Фото / из личного архива Эрбола Эмилбекова
Тиш дарыгер Эрбол Эмилбековдин иш түнкү саат үчтөргө чейин уланат.

— Эми менчик клиниканы кантип ачканыңызды айтып бериңиз?

— Өзүнчө клиника ачуу менин студент кезимдеги кыял болчу. Такси айдап иштеп жүргөндө чогулткан акчага стоматологиялык кресло алып койгом. Кийин өзүнчө борбор ачсам, ошол жакта колдоном дечүмүн. Студент кезде башка бирөөлөрдүн клиникасында иштечүбүз. Кийин бейтаптарыбыз көбөйө баштаганда өзүнчө эле ачууну пландадык. Ата-энемдин колдоосу менен өз алдынча иш баштадык. Ошондо 25 жашта болчумун. Азыр 27ге чыктым. Кудайга шүгүр, туруктуу кардарлар көп. Тиш дарылагандан тышкары тишке операция жасап, балдарды да отургузабыз.

Бизге келип дарыланам дегендердин көптүгүнөн түшкү саат 14:00дөн түнкү саат 3кө чейин иштейм. Себеби айрымдар жумуштан кийин келип калышат. Өзүм да аз уктаганга көнүп алдым.

— Илимий эмгек да жазат экенсиз?

— Ооба, агайларым менен биргелешип тишке операция жасоо боюнча илимий эмгегибиз чыкты. Учурда аспирантурада окуп жатам. Негизи хирургия жаатына аябай кызыгам.

Стоматолог Эрбол Эмилбеков во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эрбол Эмилбеков учурда аспирантурада окуп, илимий иш менен да алектенет.

— Үй-бүлөңүз, бир туугандарыңыз тууралуу да айтып бересизби?

— Атам "Дордой" базарында иштейт, апам үй кожойкеси. Мен болсо үйдүн улуусумун, төрт бир тууганбыз.

— Сыр болбосо айына канча каражат табасыз?

— Ар кандай, 2000 доллардан өйдө табабыз. Негизи жакшы дарыгер эч жерде кор болбойт. Дарыгер эле эмес бардык эле адис өз кесибин сүйүп, жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, ишинен ырахат алса акча анын артынан ээрчийт экен.

— Түнгө чейин иштесеңиз кызыктуу учурлар көп болсо керек?

— Көбү эсимден чыгып кетти... Аа баса, бир жолу түнкү саат үч жарымда бир бейтап келди. Түнү менен тиши чыдатпай ооруптур. Кыйналып эшигинин алдында отурса кошунасы автоунаанын аккумуляторунун майы жакшы деп кеңеш айтат. Аны кебезге сиңирип алып тишине басса, ооз көңдөйү күйүп кетиптир. Бизге келгенде тиштеринин баары күбүлө баштаган экен. Бир чети жиниң келсе, кээде адамдарга таң калып күлөсүң. Анан толугу менен дарылап бергенбиз.

Стоматолог Эрбол Эмилбеков во время визита в Китай
© Фото / из личного архива Эрбола Эмилбекова
"Дарыгер деген жоопкерчиликтүү жумуш, адамдын өмүрү бизге аманат", — дейт Эрбол Эмилбеков.

— Кесибиңиз боюнча да бир-эки суроо бере кетейин. Негизи балдарды канча жашынан баштап тиш дарыгерге алып бара башташ керек?

— Баланы дарыгерге тиши чыккандан баштап көрсөтө берсе болот. Бизде күмүштөө деген процедура бар. Анда баланын жумшарып кеткен сүт тиштерин бекемдейбиз. Көп бөбөк азыр ушул процедурага муктаж. Аны жасатпаса тишке курт түшүп, нерв клеткалары ачылат дагы, андан инфекция кирет. Ошондуктан кичинекейлерди дарыгерге эртерээк алып барган жакшы. Ошондой эле балага гигиенаны акылы кире баштагандан тарта эле үйрөтүп көндүрүш керек. Алар бат эле көнүп, аны адат кылып алышат. Азыр бизге тиштери курт жеген бөбөктөр өтө көп келет. Канчалык эрте кайрылса, аны дарылоо ошончо жеңил. Айрымдар баары жарабай калганда келип өздөрү да кыйналат, жумуш да оор болот.

1611
Белгилер:
клиника, окуу, дарыгер, тиш, маек
Тема боюнча
"Тиш жасайсыңбы?" деп таң калгандар көп. Самбо боюнча дүйнө чемпиону менен маек
Балдар урологу, хирург Жданов: сүннөткө отурам деп жигиттер көп келет
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев. Архивдик сүрөт

Жараатым улам ачылып кыйналдым. Талас облусунун башчысы таңылган мойну боюнча айтты

48
(жаңыланган 12:54 06.06.2020)
Облус жетекчиси мойнуна операция жасатып, бирок ооруканада бир гана күн жатып кайра жумушка чыкканын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев карантин учурунда эмнеге мойнун таңып жүргөнү боюнча жооп берди.

Бүгүнкү брифингде модератор облус жетекчисине "Сизди эмне үчүн мойнун таңып жүрдү?" деп талкуулап жатышат. Өзүңүз эмне болгонун элге ачык айтып коюңузчу" деп кайрылды.

Муну Мураталиев карантиндик чараларды киргизүүнүн алдында мойнуна операция жасатканы менен түшүндүрдү.

"Ооба, коронавирус илдети башталгандан бери мойнумду таңып жүрдүм. Эми андай сөздөр интернет булактарында көп эле айтылып жатат. Мен мойнумдан операция болуп, ооруканада бир күн жаттым. Эртеси эле таңдырып алып кайра ишке чыктым. Бир жарым айдай кыйналып жүрдүм, кээ бир жерге барып сарсанаа болгондо тиккен жерлери ачылып кеткен учурлар болду. Кайра келип тиктирип жаттым. Буюрса, жакшы болуп кетти", — деди Мураталиев.

Брифингдин соңунда облус жетекчиси жергиликтүү тургундарды эл көп чогулган жерлерде бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактап сунушталган талаптарды аткарууга чакырды.

48
Белгилер:
оору, коронавирус, операция, Марат Мураталиев, Талас
Тема боюнча
Талас коронавируска кантип такаат берүүдө? Облус жетекчиси Мураталиев менен маек
Трактор оңдоп аткан киши. Архивдик сүрөт

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

28
(жаңыланган 12:21 06.06.2020)
Аймактарда дыйканчылык  менен мал чарбасын жолго салып алгандар көп. Алар маңдай тери менен киреше таап, ишкерликтин жаңы түрүн өздөштүрүп, өз алдынча жаңы жумуш орундарын түзүү менен алек.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошондой элеттик жаратмандарды издеп, алардын ийгиликтери менен бөлүшүүнү эп көрдү.

Бүлүнгөндү бүтүн кылган Бакыт

Чүй районуна караштуу Кегети айылынын тургуну Бакыт Исаев өз колу менен үч айда жаңы трактор курап чыккан. Мурдагы экономист, юрист адистиктери боюнча мамлекеттик кызматты аркалаган элеттик жаранга өмүр бою механизатор болуп эмгектенген атасы жол көрсөтүп, кеп-кеңешин берген.

Исаевдин айтымында, ата-бала бузулуп жаткан техникалардан кубаттуу трактор жасап чыккан.

"Союз тараганда бир топ техника таланып-тонолуп, бөлүктөрү ар кайсы жерде калган. Биз жаңы тракторду төрт техникадан чогулттук. Мисалы, ХТЗ Т-150нүн рамасын, К-700 тракторунун арткы мостун, МАЗдын кыймылдаткычын, КамАЗдын коробкасын алып кабинасын өзүбүз жасадык. Жалпы 14 миң доллардай каражат кетти. Азыр жер айдап бүтүп арык чийгенге кириштик. Азыр ушундай трактор жасап бергиле деп кайрылгандар да чыгууда. Кубаттуулугу 330 аттын күчүнө жетти. Мындай күчтүү тракторлордун жаңысы Европа өлкөлөрүндө азыр 120 миң евро турат", — деди Исаев.

Ошондой эле жаңы автокөлүктү  каттап, ага документ алууда кыйынчылык болуп жаткандыгын кошумчалады.

Киномеханик, уста, токойчу Бекешов

Ал эми Ысык-Көл облусунун Балбай айылында жергиликтүү тургун Кылыч Бекешов аймактарда жашагандарга чакан гидроэлектрстанцияларды жасап берет. Түп районунда токойчу болуп иштеген жаратман инсан ал кызматты өзүнүн негизги жумушунан сырткары аркалайт.

Бекешовдун пикиринде, ал жасап берген чакан ГЭСтер кеңири жайылса, жайлоодогу малчылардын жашоо-шарты кыйла жеңилдемек.

"Тоого жана айылга чакан ГЭС жасап орнотком. Каркыра жайлоосуна бир малчыга да жасап бергем. Аны көчмө кылып чогултууга да болот. Чабандар көчүп-конгондо өзүнө ылайыктап сууга жайгаштырып алат. Ага көп деле каражат, темир-тезек кетпейт. Жыйынтыгында малчылар жарык менен камсыз болуп, уйларын аппарат менен саап, өздөрүнө жакшы шарт түзүп, бекер энергияны көпкө чейин колдоно алат. Арыктагы суунун көлөмүнө жараша бир же эки киловатт электр энергия өндүрсө болот. Аны менен үйдү да жылытууга болот. Буюртма бергендерге да жасап берип жатам", — деди ал.

Союз учурунда киномеханик болуп иштеп калган 58 жаштагы Бекешов, мындан сырткары 30 түтүн болуп жашаган малчылардын чакан айылына он чакырым алыстыктан таза суу чыгарып берген. 

Чабак багып, чарбасын жанданткан Урумкулов

Мурда мал жана  дыйканчылык менен алектенген Алмазбек Урумкулов төрт жылдан бери чабак өстүрүп, ишкерликтин бул түрүн жолго салып алган. Ал Тоң районунун Ак-Өлөң айылында чарба ачып, бир топ балык чарбаларды чабак менен камсыздайт.

"Бул ишти ачууга 50-60 миң доллар сарптап, ишкананы дүйнөлүк стандарт менен салдык. Икраны Польша, Италия, Франция, Даниядан буюртма кылып алдырабыз. Сууга бир-эки ай баккандан кийин эле Чүй, Нарын, Ысык-Көлдөгү балык чарбалар сатып алып кетишет. Балык багуу, анын ичинде икраны өстүрүү өтө чоң мээнетти талап кылат экен. Мына төрт жылдан бери өстүрүүнү үйрөнүп келе жатам. Сууда өлүп калган икралар тез арада алынбаса, анын жанындагылар кете баштайт экен. Андан сырткары, тамагын берип, дарылап туруу керек. Кээде чет өлкөдөн 500 же 800 миң сомго чейин икра алдырабыз. Түйшүгү өтө көп, бирок эки айда эле киреше табууга болот", — деп Урумкулов кеп-кеңеши менен бөлүштү.

Ошондой эле 58 жаштагы элеттик иштерман жети гектар жерге өрүк өстүрүп, Кочкор районунда 100 миңдей балык багат.

Мөмөлүү бактардын эбин тапкан багбан

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын тургуну Аллаяр Бостонов 10 гектардан ашык адыр жерди иштетип, ал аянтка мөмөлүү дарак тиккен. Багбан жыл сайын 100 тоннадан ашык түшүмдү чет өлкөгө сатып, жергиликтүүлөрдү жумуш менен камсыз кылат.

Жаш багбан айыл жеринде жашагандарга кеп-кеңештерин да айтып өттү.

"2001-жылы кайрак талаанын 11 гектарына алчанын көчөтүн тиккем. Азыр ал жерде 4000 түпкө жакын өрүк, алча өсүүдө. Быйыл жети гектарга 45 000 көчөт отургуздук. Бакчабызда түшүм жыйноо маалында күнүнө 500гө чукул киши жумушка чыгат. Эң негизгиси азыр мээнет кылыш керек. Саясат менен алектенип отура бербей кыймылдоого убакыт келди", — деди Бостонов.

Жаш ишкер бакчасынын жанына төрт жыл мурда мөмө жана жер-жемиштерди консервациялаган чакан ишкана ачкан. Анын күнүнө беш тонна түшүмдү кайра иштүүгө мүмкүнчүлүгү жетет.

Алыста жүрсөм уй сарайга онлайн көз салып турам

Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов төрт түлүк мал багып, айылда ондон ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Ал күнүнө 30 литр сүт берген асыл тукум уйларды, салмагы 7,5 килограммга чейин жеткен үндүктөрдү багып, өзүнүн жеке чарбасын жолго салган. Фермер 12 гектарга беде эгип, кара өрүк бакчасын карап, мал чарбачылыгынын аркасы менен киреше табат. 

Предприниматель Күлчоро Аксакалов держит скот четырех видов и обеспечивает работой более десяти человек в селе
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Чүйлүк жеке ишкер Күлчоро Аксакалов
"Өзүбүздүн жерди жана ижарага жер алып иштетебиз. Жыл сайын беде, арпа, буудайды кенен эле жыйнайбыз. Гиссар кой, "Ала-Тоо" тукумундагы саан уйларды да кармайбыз. Бир уй суткасына 30 литрге чейин сүт берет. Уйлар талаага же жайлоого такыр чыгарылбайт. Жыл бою сарайдын ичинде чөп, жем менен багабыз. Азыр күнүнө 300-350 литрден ашык сүт заводго тапшырабыз. Ал жерде ондон ашык адам иштейт. Жумушчуларыбыз 15 миң сомдон жогору айлык алат. Жыл аягында кой, торпок белек кылабыз, жакшы шарт түзүп бергенбиз. Мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканына онлайн көз салып турам. Себеби малга жем-чөбүн өз убагында берип, уйлар графиги менен саалып турушу керек. Чарбада уйлар түркиялык аппарат менен саалат. Буюрса, чет өлкөдөн асыл тукумдуу мал алып келели деген ниеттер бар. Австралиядан страус алып келейин деп жатам. Учурда өзүбүздүн канаттуу, мал кармаган сарайларды оңдоп-түздөп, тоют ала турган аянттарды көбөйтүүдөбүз", — деди Аксакалов.

Жаш жаратман 1990-жылдары талкаланган фермаларды да жаңылап, жети үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылган.

Предприниматель Күлчоро Аксакалов держит скот четырех видов и обеспечивает работой более десяти человек в селе
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Күлчоро Аксакалов: мал сарайга видеокамералар орнотулган. Алыста жүрүп чарбада эмне болуп жатканына онлайн көз салып турам

Жаш жаратман 1990-жылдары талкаланган фермаларды да жаңылап, жети үй-бүлөнү жумуш менен камсыз кылган.

28
Белгилер:
ишкер, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек
Элеттиктер гумжардам эмес иш билги адиске муктаж экен. Айыл арманын укчулар барбы
Фрунзедеги батирден баш тарткан мугалим. Кочкордогу Дөң-Алыш айылынын баяны