Бишкектеги дрифт турнирде элди коюп кеткен унаа тууралуу эмне белгилүү?

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаНа месте наезда на людей на чемпионате по дрифту в Бишкеке
На месте наезда на людей на чемпионате по дрифту в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин унаанын ээси аны 25 миң сомго сатып алып, дрифт машинага айлантканын айтып берген.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Дрифт боюнча чемпионатта элди сүзүп кеткен унаа видеоблогер Алексей Лиге таандык экендиги маалым болду.

Автосүйүүчү буга чейин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналистине унааны 25 миң сомго сатып алып, оңдоп-түзөө иштерине 4 500 доллар жумшаганын айтып берген. Автокөлүктү калыбына келтирүү үчүн жарым жыл сарпталып, анын ишине блогерлер көз салып турушкан.

Июнь айында Алексей Ли машинасынын ачылышын жасап, аны менен жарышуу мелдештерине катышуу максаттары бар экендигин билдирген.

Эске сала кетсек, бүгүн, 21-июнда, Бишкектеги "Жеңиш" аянтында дрифт боюнча Gradus Cup аталышындагы чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда Toyota Mark I автоунаасынын кожоюну рулду башкара албай, элди көздөй күү менен барып кирип кеткен. Окуя видеого түшүп калган.

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБишкекте дрифт боюнча чемпионат учурунда автоунаа элди көздөй кирип кетти. Видео
Бишкектеги дрифт турнирде элди коюп кеткен унаа тууралуу эмне белгилүү? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дрифт боюнча чемпионат учурунда автоунаа элди көздөй кирип кетти. Видео

Медиктердин билдирүүсүндө, ар кандай жаракат менен беш адам ооруканага жеткирилди. Ал эми айдоочу жабыркаган жок. Бүгүнкү боло турган мелдеш токтотулган. Ал эми иш-чаранын уюштуруучулары комментарий берүүдөн баш тартты.

Дрифт кылган автоунаа элдин арасына кирип кеткен алгачкы мүнөттөр видеого түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Дрифт кылган автоунаа элдин арасына кирип кеткен алгачкы мүнөттөр видеого түшүп калды
Милиция кырсыкты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизди. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, рулда 32 жаштагы жаран болгон.

Катышуучулар менен коноктордун коопсуздугун эске алуу менен мелдешти өткөрүү үчүн уруксатты Свердлов райондук администрациясы берген. Окуядан кийин мэриядан дрифт өңдүү турнирлерге тыюу салууну пландап жатканын билдиришти.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0