Сак болуңуз! Кыргызстанда ысык күчөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган адамдар. Архив
Аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы сакталат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. 27-июлдан 29-июлга дейре Кыргызстандын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градуска чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет эскертти.

Ага ылайык, 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы сакталат.

"Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40 градуска чейин жогорулайт", — деп айтылат маалыматта.

Бул жумада кыргызстандыктарды кандай аба ырайы күтүп жатканын да билип алыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0