БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) башчысы Шайырбек Бопонов жана анын орун басары Мирлан Чалыбаев милициянын жаңы түзүлгөн Кайгуул кызматынын башкармалыгына сынак тапшырып өтпөй калды.
ЖКККББнын расмий сайтындагы маалыматта сынактан 102 талапкер кулаганы көрсөтүлөт.
Алардын катарында Бопоновдун орун басары Мирлан Чалыбаев да бар. Ал эми Бопоновдун экинчи орун басары Мирлан Боенов маектешүүдөн өтүп, Кайгуул кызмат башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду.
Белгилей кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Бишкек шаарында Кайгуул милициясы түзүлөт. Пилоттук долбоордун 2019-2020-жылдарга карата планы бекитилген. Жаңы түзүм Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ордуна келиши керек болчу. Сынамык долбоор алгач Бишкекте өтүп, кийин ал башка аймактарга жайылтылмакчы.ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан 871 бош орун болуп, башкармалыктын жетекчи орун басарынан тарта катардагы кызматкерлерге чейин бардыгы конкурс аркылуу тандалмак. Документтер 6-июнга чейин кабыл алынган.
Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгында иштейм деп 1500 киши арыз берген. Алар белгиленген нормативди, орто мектептин бүтүрүүчүлөрү үчүн даярдалган ЖРТны тапшырышкан. Андан сырткары, тандоондон өткөндөр маектешүүдөн да өтмөк. Тандоодон өткөндөр ИИМ Академиясында үч айлык окуудан өтөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.
Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.