Бишкектин үстүнөн учкан космос кемеси. Ажайып сүрөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПуск РН "Союз-ФГ" с ТПК "Сoюз МС-13"
Пуск РН Союз-ФГ с ТПК Сoюз МС-13 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космостук кеме ишемби күнү кечинде Байконурдан чыккан.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Социалдык тармакка Бишкектин үстүнөн учуп өткөн "Союз МС-13" кемесинин сүрөтү жарыяланды.

Аны Facebook баракчасына астрономия ышкыбоздорун кызыктуу кубулуштар тууралуу кабардар кылып турган Astroalert чыгарган.

Түшүндүрмөсүндө сүрөт Бишкектин аймагында тартылганы, автору Александр Зеленский экени айтылат.

Космос кемеси ишемби күнү саат 19.28де (Бишкек убактысы менен 22.38) Байконурдан учкан. Соцтармактагылар аны башка планетадан келгендер деп да тамашалашкан.

Аталган кеме менен эл аралык космостук станцияга россиялык Александр Скворцов, италиялык Лука Пармитано жана америкалык Эндрю Морган учуп келген. Алар ошол жактагы Алексей Овчинин менен Ник Хейга жана Кристина Кукка кошулушту.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0