Кыргызстандагы Ленин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди. Сүрөт

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүПамир. Пик Ленина
Памир. Пик Ленина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чокуга кыргызстандык эки альпинист, Ливандан келген конок IFMGA/KMGA ассоциациясынын гиди менен чыгышкан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында Ленин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди. Бул тууралуу "Жеңиш мураскерлери" эл аралык бирикмесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хабибулла Газизов билдирди.

Анын айтымында, аталган чокуга кыргызстандык эки альпинист, Ливандан келген конок IFMGA/KMGA ассоциациясынын гиди менен чыгышкан. 

© Фото / Самир АкилЛенин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди
Кыргызстандагы Ленин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ленин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди

"Чокуга чыгууга даярдыктар 3-июлда башталган. Ал эми 16-июлда альпинисттер Ленин чокусуна чыгып, Жеңиш туусун желбиретишти. Кийинки күнү аман-эсен жерге түшүшкөн. Ливандан келген альпинист өз өлкөсүндө биринчилерден болуп Ленин чокусуна чыккан киши болуп калды", — деди Газизов.

Ал ошондой эле буга чейин да ушундай эле иш-чаралар болгонун кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0