Кыргыз-тажик чегиндеги чырдан кийин 300дөй адам эвакуацияланды

© Фото / пресс-служба ГПС КРСитуация на кыргызско-таджикской госгранице
Ситуация на кыргызско-таджикской госгранице - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Баткендеги чек арадан чыр чыгып, ок атылган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын жашоочулары эвакуацияланды. Бул туурасында Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчы Саатбек Анаров билдирди.

Нападение на прохожих в Сургуте - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: 14 кыргызстандык жабыркады
Эскерте кетсек, кечээ, 22-июлда, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айтууда. Анткени мергенчинин мылтыгы атылган.

Ал эми Кызыл жарым ай коому 315 тургун Баткен шаарына алып келингенин кабарлады.

"55 адам туугандарынын үйүнө барса, 260 киши убактылуу уюштурулган лагерлерге жайгаштырылды. Атап айтканда, №57 лицейге, №3 мектепке, Ленин атындагы мектепке киргизилди. Алардын көбү балдар жана аялдар. Кызыл жарым ай коому ӨКМдин сунушу менен беш чатыр, суу, азык-түлүк жана ооруканада жаткан жарадарларга кийим жеткирип берди", — деп айтылат маалыматта.

Чыр чыккан аймакка вице-премьер Жеңиш Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кеткени кабарланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0