Профессор, медицина илимдеринин доктору, клиниканын директору Гүлнара Асымбекова

Балалуу болууга шартың жок болсо, уругуңду тоңдуруп кой. Дарыгер менен маек

2992
(жаңыланган 16:52 23.07.2019)
Гүлдана Талантбекова
Кыргызстанда бир нече жылдан бери эркектердин уругун жана энелик клетканы тоңдуруп коюп, кийин каалаган убагында пайдалануу мүмкүн болуп келет. Бирок балалуу болуудан убактысы өтүп, уругу жарабай калганда адистерге кайрылгандардын саны да арбын экен.

Адамдын урук, клеткаларын сактоо өлкөдөгү жеке медициналык жайларда гана ишке ашып келет. Кайрылгандар клиника менен келишим түзүп, акы төлөп турушат. Болочок "балдары" болсо канча жыл болсо деле сакталып тура берет экен.

Бул туурасында кененирээк Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине профессор, медицина илимдеринин доктору, клиниканын директору Гүлнара Асымбекова айтып берди.

Директор клиники профессора Асымбековой, экс вице-премьер-министр по социальным вопросам КР Гульнара Асымбекова во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Профессор, медицина илимдеринин доктору, клиниканын директору Гүлнара Асымбекова

— Аялдын энелик клеткаларынын саны чектелүү болот, ал кээде отуздан өтүп деле түгөнүп калат деп уккам. Бул чынбы?

— Туура, энелик клеткалар кыздар төрөлгөндө эле пайда болуп, 35 жашка чейин жаш, таза болуп эсептелинет. Айрымдардын 35 жашка жетпей эле энелик клеткасынын сапаты бузулуп, саны азайып кетет. Бул көйгөйдү болтурбоо үчүн айыз циклинин өлчөмү аз же көп экенин, убактысынан эрте же кеч келип жаткандыгына көңүл буруу керек.

Ал эми эркектердин уругу аялдарга салыштырмалуу узак убакытка чейин санын дагы, сапатын дагы жоготпойт.

— Басылмалардан Кыргызстанда эркектердин уругун тоңдуруу мындан 10 жыл мурун эле ишке аша баштаса, аялдардын энелик клеткаларын сактоо 5-6 жыл кечирээк башталганын окудум. Мунун зарылчылыгына токтоло кетсеңиз?

— Негизи уругун сактайт элем деген адамдар аз. Бизге балалуу болбой жатабыз дегендер көп келет. Эркектердин уругун тоңдуруп коюу эл ичинде азыр деле жаңы түшүнүк. Балдар арасында тукумсуздук көп болгонуна карабастан, баары эле убагында ооруну дарылап же уругун сактап коюуну билишпейт. Кээ бирлери эле интернеттен окуп келип калышат. Алардын мындай кадамына жумушта жүрүп убактысынын жоктугу же оорусу себеп. Бөтөнчө онкологиялык оору менен жабыркаган бейтап химия терапия алганда урук, клеткалар жараксыз болуп калат. Биз бейтаптардан уругуңарды тоңдуруп койгула деп суранат элек. Дарылана берсин, бирок айыккандан кийин баары кеч болуп калышы ыктымал. Онкологдор дагы бул боюнча көбүрөөк маалымат берип койсо жакшы болмок, биз деле жайылтканга аракет кылабыз, бирок маалымат жетпей жаткандай.

Ал эми кыздар окуусун бүтүп, иштеп, карьера жасап жүрүп күйөөдөн кеч калып жатышат. Анан 40 жаштан кийин балалуу боло албай жатам деп келишет. Мындан беш жыл эртерээк келсе, кепилдик бере аларыбызды айтабыз. Негизи эле бойго бүтүрүү оор процесс. Дени-карды соо кыздарда деле наристелүү болуу мүмкүнчүлүгү 40 пайыз болуп эсептелинет.

Ишенбейсиз, бирок бизге кыздарды көбүнчө энелери ээрчитип келет. Алар "кызым күйөөгө чыкпай калды, сарсанаа болуп жатам, жумурткаларын тоңдуруп коюңуз" деп кайрылышат. Ошондой эле дартына байланыштуу келгендер бар.

Профессор, доктор медицинских наук, директор клиники Гульнара Асымбекова (вторая справа) с коллегами
© Фото / Юлия Кросс
Дарыгер Асымбекова: эркектер арасында тоңгон уругун эритип, балалуу болгондор толтура. Бизге кайрылган кыздар клеткасын азырынча ала элек.

— Урук, клеткаларын сактайм дегендер эмне кылышы керек?

— Эркектерди үч ай тамеки тартпа, арак ичпе, саунага барба дейбиз. Уругун тапшырарда үч күн жыныстык катнашта болбошу керек. Спермасын алгандан кийин ВИЧ, ОРВИ, гепатит өңдүү ооруларынын бар-жогун аныктайбыз. Андан соң урукту реактивдер менен тазалап, атайын контейнерлерге салып, азот менен 200 градус суукка тоңдурабыз.

Мындан аял кишиникин тоңдуруу оорураак. Технологиясы башка. Алар эркектердей жөн гана уругун өздөрү тапшыра алышпайт. Наркоз берип, ийне аркылуу жатын тушунан энелик клеткаларын сордуруп алабыз. Ага чейин айыз циклинде клеткасын стимуляция жасап, башкача айтканда, дары-дармектер аркылуу көлөмүн чоңойтобуз. Реактивдер менен тазаланган клетканы флягага окшош Дьюра идишине салабыз. Аталган идиш атайын бөлүмдөрдөн жана сандыкчалардан турат. Ар бир сандыкчага бейтаптын жеке номери жана аты-жөнү жазылып, каттоого алынат. Андыктан алмашып кетүү коркунучу жок.

— Мындай иш канча турат?

— Урукту, клеткаларды алуу, тазалоо, тоңдуруу процесстери жалпысынан 600-700 доллар турат. Тоңдурулгандан кийин ай сайын 15 доллар же 1000 сомдон ашык акча төлөнөт. Болжолу менен бир жылда 12 миңден ашык акча кетсе, 5-6 жылда 70 миңден ашык сарпталат. Кайрылгандар менен атайын протокол түзүлүп, алар маалы менен кабарлашып турушат.

— Урук, клеткалар канча жыл сакталышы ыктымал?

— Канча жыл болсо сапаты начарлай берет деп айтышат. Он жылдан бери иштеп жатабыз, бири да бузулуп кеткен жок. Биздин клиникада 2007-жылы сакталган урук дагы деле турат, эң алды 2-3 күн мурда келип тапшырып кетти. Негизи 20 жылдан ашык сакталат деп айтышат.

Профессор, доктор медицинских наук, директор клиники Гульнара Асымбекова (справа) с коллегой
© Фото / Юлия Кросс
Асымбекова: уругун сактайт элем деген адамдар аз, көбү билбейт. Бизге балалуу болбой жатабыз дегендер көп кайрылууда.

— Такыр эле сактаганга жарабай калган учурлар болобу?

— Ооба, андай учурда ачык эле айтабыз. Кээде эркектердин уругунун кыймылы, параметрлери жана тоңдурууга, эритүүгө чыдамдуулугу жок болуп чыгат. Ошондой эле уруктар жаш, бышып жетилген жана жетилип кеткен деп бөлүнөт. 18 жаштан жогоркулардыкын бышып жетилди деп эсептейбиз. Ал эми аялдар мүмкүн болсо 30-35 жашка чейин тоңдуруп койгону дурус экенин жогоруда белгиледик.

— Уруктарын тоңдуруп коюп пайдалаган адамдар болдубу?

— Эркектер арасында тоңгон уругун эритип, балалуу болгондор толтура. Бизге кайрылган эки кыз турмушка чыкты. Бирок энелик клеткаларын алыша элек, кыязы, балалуу боло албай калсак гана алабыз деп жүрүшөт окшойт.

— Аялдар, эркектер урук клеткасын башкаларга саткан учурлар барбы?

— 30 жашка чейинки кыздар оорукчан же улгайган аялдарга энелик клеткасын берип жүрүшөт. Алар нотариалдык келишим түзүп, баасын чечишип алат. Бирок биз аларды табыштырып, ортомчулук кызматты аткарбайбыз. Болгону донордун энелик клеткасы жарайбы же жокпу деп текшерип беребиз. Ошондой эле балдар дагы уругунан берген учурлар кеңири тараган.

Профессор, доктор медицинских наук, директор клиники Гульнара Асымбекова с пациенткой
© Фото / Юлия Кросс
Гүлнара Асымбекова: бойго бүтүрүү — оор процесс. Дени-карды соо кыздарда деле наристелүү болуу мүмкүнчүлүгү 40 пайыз болуп эсептелинет.

— Арадан жылдар өткөндө уруктарын алып, балалуу болом дегендер ЭКУнун жардамын алышабы?

— Ооба, жасалма инсеминация жана ЭКУну колдонушат.

Жасалма инсеминация — эркектин уругун аялдын жатынына жайгаштыруу менен бойго бүтүрүү. Алгач эркектин уругу лабораторияда тазаланып, тоңдурулат. Аялдын жумуртка клеткасы сперма менен кошулууга даяр болгон учурда тоңдурулган урук аялдын жатынына атайын катетер шприцтин жардамы менен киргизилет.

Ал эми экстракорпоралдык уруктандыруунун (ЭКУ) ыкмасында аялдын бышып жетилген урук безин, ошол эле учурда эркектин да спермасын алып лабораторияда экөөнү бир пробиркага жайгаштырат. Пробиркада түйүлдүк пайда болгондон кийин ал аялдын жатынына салынат.

Урукту сактап коюунун эки түрү бар. Биринчисинде эркектин уругу же аялдын энелик клеткасы өзүнчө тоңдурулат. Экинчи түрү — кийинчерээк балалуу болобуз деген жубайлардын уругу менен клеткасы ЭКУга даярдык сыяктуу уруктандырылып, тоңдурулат.

2992
Белгилер:
Гүлнара Асымбекова, маек, ден соолук, медицина, урук, эркек, Кыргызстан
Тема боюнча
Турмушка кеч же эрте чыкса эмне болот? Гинекологдун маеги
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек