Чек ара чырынан жабыркагандарга реанимобиль жана хирургдар жөнөтүлдү

Жазылуу
Жабыркагандардын саны ушул тапта 16га жетти.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам жаракат алган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна реанимобиль жана хирургдар жиберилди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев жабырлануучулардын абалынан кабар алуу үчүн жерине барганда белгилүү болду.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, чек ара жаңжалынан жабыр тарткандардын айрымдары Баткен облустук ооруканасында дарыланып жатат.

"Орун басар аларды дарылоо шарттары менен таанышып, зарыл болгон бардык жардамдарды көрсөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле ал Бишкектен реанимобиль жана хирургдар жиберилгенин айтты", — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда ооруканада 16 адам жатат. Алардын абалы орточо туруктуу деп бааланууда.

Аскердик техника. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасына аскер техникасы жөнөтүлдүбү? Чек ара кызматынын жообу
Эске салсак, 22-июлда Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айткан.

23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жаракат алган.

Ал эми шейшемби күнү кечинде чек арадагы абал тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда тараптар чатактын чыгыш себебин биргелешип иликтөөгө алууну талкуулашты. Андан сырткары, биргелешип кайгуул иштерин өткөрүп, эки элдин ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү макулдашты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0