Алмазбек Атамбаев Канттагы авиабазадан Москвага жөнөп кетти. Учактагы сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев 25-июлда кечки саат жетиде кайра авиабазага келип конорун айтты.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун "Кант" авиабазасы аркылуу Москвага учуп кетти. 

© Sputnik / Нурис АлымбаевМурдагы президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун "Кант" авиабазасы аркылуу Москвага учуп кетти
Алмазбек Атамбаев Канттагы авиабазадан Москвага жөнөп кетти. Учактагы сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун "Кант" авиабазасы аркылуу Москвага учуп кетти

Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева "РусДжет" авиакомпаниясынын атайын учагы келгенин Facebook баракчасына жазды.

Атамбаев Канттагы авиабаза аркылуу коопсуздук үчүн учуп жатканын белгилеген.

"Самолет жеке да, аскердик да эмес. 25-июлда кечки саат жетиде Канттагы авиабазага келип конобуз", — деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевди коштогон кортеж Кантты көздөй кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевди коштогон кортеж Кантты көздөй кетти. Видео
Буга чейин мурунку президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мосвкага чакыруу менен баратканын айтып сапардын максаты тууралуу унчуккан эмес.

Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылгандан кийин анын Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары чогулган. Ошондон бери мурдагы президент тарапташтары менен ошол жерде. Ага ИИМге келип сурак берүү үчүн үч жолу чакыруу баракчасы келген. Бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшүшү керектигин айтып, ИИМге барбай турганын билдирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0