Атамбаевди Москвага кимдер коштоп барат? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жана ЖК депутата Асел Кодуранова. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жана ЖК депутата Асел Кодуранова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президентти коштоп кеткендердин арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева мурдагы президентти Москвага коштоп кеткендердин тизмесин жарыялады.

Ал чакырган тарап «РусДжет» авиакомпаниясынын ВС: RRJ-95B үлгүсүндөгү учагын жибергенин белгилеген.

Делегациянын курамында Атамбаевден сырткары КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу, ЖК депутаты Асел Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Мурадил Мадеминов жана Ирина Карамушкина, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, КСДПнын расмий өкүлү Темирлан Султанбеков бар.

Белгилей кетсек, Атамбаев Москвага ЖККУнун "Кант" авиабазасынан учуп кетерин айтып, Кой-Таштагы үйүнөн ошол жакты көздөй чыккан. Өз сөзүндө мурдагы президент Бишкекке 25-июлда кечинде келерин айтканы маалым.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0