Чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Ак-Сайдын тургундары митингге чыкты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан жабыркаган Ак-Сай айылынын эли Баткен облустук администрациянын алдына митингге чыгышты
Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан жабыркаган Ак-Сай айылынын эли Баткен облустук администрациянын алдына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразы болгон эл алгач жол тосуп, андан кийин облустук администрацияга карай бет алган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан жабыркаган Ак-Сай айылынын эли Баткен облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМитинг жителей села Ак-Сай баткенской области с требованием в скорейшем времени решить конфликт на кыргызско-таджикской границе
Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан жабыркаган Ак-Сай айылынын эли Баткен облустук администрациянын алдына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан жабыркаган Ак-Сай айылынын эли Баткен облустук администрациянын алдына митингге чыгышты
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМитинг жителей села Ак-Сай баткенской области с требованием в скорейшем времени решить конфликт на кыргызско-таджикской границе
Алгач нааразы болгон 50гө чукул адам Тургунбай Садыков көчөсүн тосуп, андан кийин облустук администрацияга карай бет алган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алгач нааразы болгон 50гө чукул адам Тургунбай Садыков көчөсүн тосуп, андан кийин облустук администрацияга карай бет алган
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМитинг жителей села Ак-Сай баткенской области с требованием в скорейшем времени решить конфликт на кыргызско-таджикской границе
Нааразычылык акциясына 200дөй киши чыккан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Нааразычылык акциясына 200дөй киши чыккан.
1/3
Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан жабыркаган Ак-Сай айылынын эли Баткен облустук администрациянын алдына митингге чыгышты
2/3
Алгач нааразы болгон 50гө чукул адам Тургунбай Садыков көчөсүн тосуп, андан кийин облустук администрацияга карай бет алган
3/3
Нааразычылык акциясына 200дөй киши чыккан.

Анын айтымында, алгач нааразы болгон 50гө чукул адам Тургунбай Садыков көчөсүн тосуп, андан кийин облустук администрацияга карай бет алган. Нааразычылык акциясына 100дөй киши чыккан.

Алар бийликтен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тез арада жөнгө салууну талап кылышууда.

"Өз жерибизде тынч уктай албай калдык. Өкмөт тез арада тажик тарап менен сүйлөшүп, маселени чечип берсин. Мындан сырткары, милиция элге күч колдонбошун талап кылып жатабыз", — деди акциянын катышуучусу Нурийла Батырова.

Местные жители и сотрудники МВД на кыргызско-таджикской границе в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткенде милиция элге ок чыгардыбы? Расмий жооп
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова акцияга чогулгандар менен облус башчысынын орун басары Чынара Саттарова жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Эске салсак, 22-июлда Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0