Кош бойлуулар үчүн мыкты диета табылды

© Фото / Pixabay/ PexelsБеременная женщина
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө 1252 кош бойлуу аял катышып, алардын ичинен 627си төрөгөнгө чейин жер ортолук деңиз диетасын кармаган. Калган 625 келинге туура тамактануу боюнча жалпы кеңештер гана берилген.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кош бойлуу кезде жер ортолук деңиз диетасын кармаган аялдар кант диабетинин жана ашыкча салмактын алдын алат. Мындай бүтүмгө Лондондогу Мария ханыша университетинин окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Иликтөөгө 1252 кош бойлуу аял катышып, алардын ичинен 627си төрөгөнгө чейин жер ортолук деңиз диетасын кармаган, калган 625 келинге туура тамактануу боюнча жалпы кеңештер гана берилген.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аман-эсен көз жаруу үчүн эмне кылуу зарыл? Гинекологдун маеги
Жыйынтыгында биринчи топтогу аялдардын организминдеги инсулин ар дайым бир калыпта болуп, төрөткө чейин келиндер орто эсеп менен 6,8 килограмм салмак кошкон. Ушул эле учурда экинчи топтогу келиндер бери дегенде 8,3 килограммдан салмак топтоп алышкан.

Маалыматка караганда, кош бойлуу аялдын организминде инсулин гормону туруктуу болбогондуктан, кант диабетине кабылуу тобокелдиги жогорулайт.

Жер ортолук деңиз диетасында жашылча-жемишти көп жеп, жаңгак, данек, кесек тартылган ундан жасалган нан жана макаронду пайдалануу каралган. Мында негизинен этти азайтып, балык жана деңиз азыктарына өтүү сунушталат. Ошондой эле бул диетада зайтун майынын ролу чоң.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0