Ысык-Көлдө "сары кыздын тою" башталды. Сүрөт

© © SputnikСезон урожая урюка в Иссык-Кульской области
Сезон урожая урюка в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрүктүн орточо баасы 25-30 сомдон болуп жатат.

ЫСЫК-КӨЛ, 26-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде "сары кыздын" быйылкы тою башталды.

© © SputnikДевочка собирает урожай урюка в Джети-Огузском района Иссык-Кульской области
Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде сары кыздын быйылкы тою башталды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде "сары кыздын" быйылкы тою башталды
© © SputnikМальчик собирает урожай урюка в Джети-Огузском района Иссык-Кульской области
Өрүк негизинен Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарында көп өстүрүлөт - Sputnik Кыргызстан
2/5
Өрүк негизинен Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарында көп өстүрүлөт
© © SputnikФермер собирает урожай урюка в Джети-Огузском района Иссык-Кульской области
Дыйкандардын алды 10 гектар жерге өрүктүн түрүн эгишет - Sputnik Кыргызстан
3/5
Дыйкандардын алды 10 гектар жерге өрүктүн түрүн эгишет
© © SputnikПокупка урожая урюка в Джети-Огузском района Иссык-Кульской области
Төрт гектар жерге өрүк тиккен Тосор айылынын тургуну Алтынай Абакованын айтымында, быйыл өрүк аз болгону менен сапаты жакшы - Sputnik Кыргызстан
4/5
Төрт гектар жерге өрүк тиккен Тосор айылынын тургуну Алтынай Абакованын айтымында, быйыл өрүк аз болгону менен сапаты жакшы
© © SputnikПокупка урожая урюка в Джети-Огузском района Иссык-Кульской области
Белгилей кетсек, жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында 2015-жылдан бери үч жыл катары менен Өрүк фест фестивалы өткөн.  - Sputnik Кыргызстан
5/5
Белгилей кетсек, жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында 2015-жылдан бери үч жыл катары менен "Өрүк фест" фестивалы өткөн.
1/5
Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде "сары кыздын" быйылкы тою башталды
2/5
Өрүк негизинен Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарында көп өстүрүлөт
3/5
Дыйкандардын алды 10 гектар жерге өрүктүн түрүн эгишет
4/5
Төрт гектар жерге өрүк тиккен Тосор айылынын тургуну Алтынай Абакованын айтымында, быйыл өрүк аз болгону менен сапаты жакшы
5/5
Белгилей кетсек, жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында 2015-жылдан бери үч жыл катары менен "Өрүк фест" фестивалы өткөн.

Өрүк негизинен Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарында көп өстүрүлөт. Дыйкандардын алды 10 гектар жерге өрүктүн түрүн эгишет. Төрт гектар жерге өрүк тиккен Тосор айылынын тургуну Алтынай Абакованын айтымында, быйыл өрүк аз болгону менен сапаты жакшы.

"Былтыркыга караганда өрүк аз байлады, бирок сапаты жакшы. Өткөн жылы өрүктү кайда өткөрөрүбүздү билбей кор болгонбуз. Айла жок акчасын кийин алабыз деп берип, эмдигиче ала албай жүрөбүз. Быйыл андай кыйынчылык жок. Баасы былтыркыдай эле 35 сомдон башталып, 25 сомго түштү. Эми буюрса, өрүктүн "Королевский" сорту бышайын деп турат. Анын баасы катардагы абрикостон өйдөрөөк болот. 45-50 сом деген бааны күтүп жатабыз. Азыркы учурда ак өрүктүн (шалак деп коёт) баасы 45 сом болуп жатат", — деди ал.

Белгилей кетсек, жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында 2015-жылдан бери үч жыл катары менен "Өрүк фест" фестивалы өткөн. Быйыл ал фестиваль болбойт, кийинки жылы өткөрүү пландалып жатканын кабарчыбыз билдирди.

Баса, буга чейин өрүк салчу ящиктер талашка түшкөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0