Караколдо бир кылымдан бери өсүп турган жаңгак кыйылбайт

© © SputnikКаракол шаарында Жусуп Абдырахманов атындагы көчөдөдө өскөн жаңгак
Каракол шаарында Жусуп Абдырахманов атындагы көчөдөдө өскөн жаңгак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда шаардын негизги көчөлөрүнүн бирин кеңейтилүүдө.

КАРАКОЛ, 26-июл. — Sputnik. Учурда Каракол шаарында Жусуп Абдырахманов атындагы көчөдө кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Андыктан калаа тургундары бир кылымдан бери өсүп турган жаңгак багы кыйылып калбайбы деп тынчсызданып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

© © SputnikКаракол шаарында Жусуп Абдырахманов атындагы көчөдөдө өскөн жаңгак
Караколдо бир кылымдан бери өсүп турган жаңгак кыйылбайт - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарында Жусуп Абдырахманов атындагы көчөдөдө өскөн жаңгак

Каракол шаардык жашылдандыруу муниципалдык мекемесинин жетекчиси Эрмат Жумаев кабатырланууга негиз жок экенин айтты.

"Караколдун көркү болгон жаңгак багы кыйылбайт. Бул жалгыз жаңгак Абдырахманов көчөсүнүн жогору жагында өсөт. Ага шаардын тургундары эле эмес, келген туристтер да таң калышат. Аны кыйып салуу туура эмес деп ойлойм. Тилекке каршы, жолду кеңейтүү иштери болуп жаткандыктан 20 терек, 7 кайың жана 90го жакын кара жыгачты кыюуга аргасыз болуудабыз. Бирок жол жасалгандан кийин жашылдандыруу иштери планга киргизилди" – деди ал.

Реконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдөгү жолду оңдоого кеткен чыгым 2 млрд. сомго өстү
Жергиликтүү жашоочулар аталган көчөдө ирригация көйгөйү да курч экенин айтышууда. Себеби бул көчөдө 19-кылымда салынган үйлөр да бар. Алардын көбүнүн фундаменти жок болгондуктан арыктарды үйлөргө жакын коюу анын урашын шартташы мүмкүн.

Шаардын жашылдандыруу муниципалдык мекемесинин жетекчиси көчөлөрдү кеңейтүү иштеринде арыктарды жылдыруу планга киргизилбегенин айтып, бирок көйгөй курч бойдон калып жатканын билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0