Путин Бишкекте өтүп жаткан жаштар форумунун катышуучуларына кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит Владимира Путина в Кыргызстан
Государственный визит Владимира Путина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун катышуучулары ишкерлик, аймактардын өнүгүүсүндөгү айыл жаштарынын орду сыяктуу бир катар маселелерди талкуулап жатат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте форумга чогулган Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлерине кайрылды.

Кайрылуу текстин Россиянын Жаштар иши боюнча федералдык агенттигинин жетекчиси Александр Бугаев окуп берди.

"Форум алдыга умтулган таланттуу жаштарды чогултту. Алар өзүлөрүнүн профессионалдык жана чыгармачыл потенциалын өнүктүрүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык өнүгүшүнө өз салымын кошом дегендер", — деп президенттин кайрылуусунда жазылган.

Путин ошондой эле бул иш-чара орус-кыргыз алакасынын актуалдуу маселелерин талкуулап алууга жакшы мүмкүндүк түзүп берерин кошумчалаган. Россиянын президенти форумдун катышуучуларынын ишине ийгилик каалады.

Форум молодежных лидеров Кыргызстана и России - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Кыргызстан менен Россия жаштарын эмне бириктирип турарын айтты
Форум 27-июлда Бишкекте башталып, 30-июлга чейин Чолпон-Атада уланат. Аталган иш-чара Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиги менен Россиянын Жаштар иши федералдык агенттиги тарабынан өткөрүлүүдө.

Форумдун катышуучуларына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлөт. Андан сырткары, Кырчын жайлоосу менен "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсия уюштурулат.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Россиянын жылдарын эки мамлекетте өткөрүү боюнча иш-аракеттердин планы иштелип чыгат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0