Үчүнчү аял алсамбы... Эркектин каты

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында үчүнчү аял алууну ойлоп жүргөн эркектин каты жарыяланды.

...Бир эмес, эки аял менен ажырашып, ара жолдо калдым.

Кучакташып турган кыз жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын мурдагы жигитин жактырып калдым... Аялдын каты
Биринчи аялым менен 19 жашымда таанышып 20 жашымда баш кошконбуз. Жаш экенбиз, эч нерсеге карабай "сүйүү" деп үйлөнүп алганбыз. Бирок турмуштун ачуу-таттуусун көпкө тата алган жокпуз. Балалуу болуп, аныбыз эки жашка чыкканда ажырашып кеттик. Анын үстүнө ата-энем да аны көп жактырбай койду. Өтө эле таарынчаак болчу.

Мен окуп ага көп көңүл бура албай калгандыктан таарынып, кызганып жатып чарчатып жиберген. Төрт жыл бирге түтүн булаткандан кийин экөөбүздүн жол эки башка экенин түшүнүп ажыраштык.

Бойдокчулукка көнө албай, кызымды сагынып, аялымды кайра алып келип да көрдүм. Бирок баягы эле уруш-талаш кайталангандыктан сот менен ажырашууга туура келди. Азыр кызыма алимент төлөйм.

Окуумду бүтүп жумушка орноштум, жалгыздыктан тажадым. Ошентип жүрүп жумушумдан өзүмдөн эки жаш улуу кыз менен ымалабыз келишип, жакшы болуп кеттик. Жарым жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Өзүнө тың, жашоонун ачуу-таттуусун татып калган адам эле. Буга чейин турмушка чыгып, бирок бат эле ажырашып кетиптир, баласы жок болчу. Ал ата-энем менен жакшы тил табышып кетти. Мага жасаган мамилеси да башкача эле, бирок кызымдан кызгана берчү. Ага барарда үйдө бир сыйра уруш чыгат. Айтор, ошентип жүрүп араң көндү. Экинчи аялым менен алты жылдай жашадым, бирок төрөй албай койду. Көрүнбөгөн жери калган жок. Баласаак жаным кызымды ойлоп эле туруп алдым. Көп балалуу болгум келерин айтсам, экинчи келинчегим "кечир, сага жакшы жубай болуп төрөп бере алган жокмун" деп кетип калды. Аялдын санын көбөйтпөйүн деп артынан бардым, болгон жок. Ошентип экинчи жолу турмушум бузулду.

Диванда жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келиниме "көңүлдөш таап ал" деп айтып, эми кайра кыжалатмын. Аялдын каты
Ата-энемдин кичүү баласымын. Келин болбосо апам үйдөн кыйналып кетет экен. Биринчи аялыма барайын дейм, дитим барбайт. Анын үстүнө аны жакшы деле көрбөйм. Экинчи жубайымды жакшы көргөн менен баласыз жашоо баары бир болбойт тура. Эмне кылар айламды таппай жүрөм. Үчүнчү аял алсамбы деп да аргасыздан ойлоп кетем, бирок эл эмне дейт? Теңтуш, кесиптеш, достордон уялат экенсиң... Иши кылып эмне кылышты билбей, башым маң...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Үй-бүлө курарда түгөйлөр сүйүүдөн мурда бири-бирин түшүнүп баш кошсо демекчимин. Эркек менен аялдын ортосунда ишенич, анан өз ара түшүнүшүү болгону жакшы. Түшүнбөсө, ишенбесе кызганыч сыяктуу ар кандай шылтоолор чыга берет да акыры ажырашууга алып келет. Үй-бүлөнүн бузулушу мамлекеттин урашына барабар, ошондуктан жаштар мындай чечим кабыл алардан мурда жакшылап ойлонушса.

Кат жазган кишиге айтарым, эгерде кызыңыздын атасыз өсүшүн каалабасаңыз биринчи аялыңыз менен жарашууга аракет кылып көрүңүз. Албетте, эгер ал турмушка чыгып кетпесе. Балким, ал деле кызына карап сизди күтүп жүргөндүр. Көп учурда кыргыздын ажырашкан аялдары баласы бар болсо, оңой менен экинчи бүлө күтө албайт.

Сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жесир калган аяшымды аяп жүрүп сүйүп калдым... Эркектин каты
Ошондуктан намыстанып, "эл эмне дейт" дебей биринчи кадамды сиз таштаңыз. Бардык эле жубайлар идеалдуу жашабайт. Болгону алар бири-бирин көтөрө билет. Ошол сыяктуу экөөңөр тең өткөн-кеткенди унутуп, бала үчүн эле эмес, өзүңөр, бактыңар үчүн бир аракет кылып көргүлө.

Эгерде "жок, аны менен бирге жашай албайбыз, такыр эле жакпайт" десеңиз, анда өз бактыңыз үчүн күрөшүңүз.

"Үчүнчү аял алсам теңтуштар, эл эмне дейт" деп кооптонуп жатасыз. Бирок ар кимдин өз жашоосу бар. Бир айтат, эки айтат ошону менен алардын сиз менен иши да болбой калат. Турмуштан жолуңузду табышыңыз керек. Бирок аялдын санын көбөйтүп, ар кимдин тагдырына балта чаппай, үчүнчү ирет турмуш куруунун алдында жакшылап ойлонуңуз. Алчу адамыңыз менен дароо үйлөнүп албай экөөңөр бири-бириңерди түшүнгүдөй болгула. «Кызым бар эле» деп аны шылтоо кылып, дагы ажырашып кетпегидей болушуңуз керек.

Кат жазган кишиге дагы бир айтарым, күнөө бир тараптан эч качан кетпейт. Ошондуктан мамиледе текебер болбой, аялды да түшүнө билүүнү үйрөнүшүңүз керек.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0