Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив

Жетекчи жана 512 кызматкер керек. Милиция дагы сынак жарыялады

907
(жаңыланган 10:28 29.07.2019)
Конкурска катышуу үчүн документтер 24-августка чейин ИИМге караштуу ЖКККББнын кадрлар бөлүмүндө кабыл алынат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жаңы түзүлчү Кайгуул кызматы башкармалыгына жарыяланган биринчи сынактын жыйынтыгы боюнча дагы 513 киши жетпей калды. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ведомстводон Кайгуул кызматынын башкармалыгына жетекчи, орун басар жана улуу, орто, кенже бөлүктөгү башчылыктарга кызматкерлер керек экендигин белгилешти. Кененирээк маалыматты ЖКККББнын сайтынан алууга болот.

Конкурска катышуу үчүн документтер 24-августка чейин ИИМге караштуу ЖКККББнын кадрлар бөлүмүндө кабыл алынат. Дареги: Бишкек, Валиханов көчөсү, 1а. Маалымат алуу үчүн телефон номерлер: (0312) 63-09-01 жана (0312) 63-02-53.

Эске сала кетсек, Бишкек ЖКККББнын башчысы менен орун басары жаңы түзүлгөн Кайгуул кызматынын башкармалыгына сынак тапшырып өтпөй калган.

907
Белгилер:
сынак, кызмат, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек ЖКККББнын башчысы менен орун басары сынактан кулап калды
Указатель для получения капельниц в одном из дневных стационаров в Бишкеке

COVID: Бишкекте чакан стационарлар ачылууда. Ленин району боюнча тизме

0
Мэриядан билдиришкендей, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда керебеттер даярдалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Негизи эле бул райондогу эпидемиологиялык абал менен таанышуу жана күндүзгү стационарлардын даярдыгы тууралуу райондун акими Чынасыл Чыныбаев таанышты.

Ленин районундагы убактылуу чакан стационарлар:

  • №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет;
  • №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет.

Мындан тышкары, №8, 10, 11 стационарлардын базасында дагы 7 орун даяр турат.

Дагы 28 керебет жаңы конуштардагы бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна даярдалууда. Алар:

  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ашар көчөсү) – 14 керебет;
  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ай көчөсү) – 7 керебет;
  • Ак-Ордо жаңы конушу — 7 керебет.

Эске салсак, Ленин районунда жети күндүзгү стационар бар.

Алмамбетова: пандемия калкты тартипке, тазалыкка үйрөткөн жок

Мэриядан кошумчалашкандай, COVID-19 кайрадан күч алып кете турган болсо, аймактагы бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалып жатат.

0
Белгилер:
стационар, пандемия, коронавирус, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин үч жериндеги стационарда орундар, дары-дармектер камдалды. Сүрөт
Шайлоо үгүт иштери. Архивдик сүрөт

Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды

17
(жаңыланган 12:14 23.09.2020)
Соңку маалымат боюнча, 16 партиянын шайлоо фондуна 526,9 миллион сом чогулду. Анын 504,7 миллионун коротуп бүтүштү.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын фондуна түшкөн каражат жана анын чыгымдалышы тууралуу маалымат берди. Документте 18-сентябрга чейинки маалыматтар жазылган.

Ага ылайык, 16 партиянын шайлоо фондуна 526,9 миллион сом чогулган. Анын 504,7 миллионун коротуп бүтүшкөн. Буга шайлоо күрөөсүнө төккөн беш миллион сом дагы камтылган.

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

11-сентябрда чыккан маалыматта шайлоо фондуна эң көп каражатты "Биримдик" партиясы салса, эми "Мекеним Кыргызстан" баарынан озуп чыкты. Анын фондуна 108 миллион сом түшүп, 105 миллиону коротулуп бүттү. "Биримдиктин" киреше бөлүгү бир жумадан бери кыймылдабай турат. Бай партиялардын үчүнчү сабына 90 миллион сомдук фонду менен "Кыргызстан" илинди.

Мыйзам боюнча ар бир партия шайлоо фондун түзүп, каржы булагы жана короткон чыгымдары туурасында ачык-айкын маалымат бериши керек.

БШК: көпчүлүк "баарына каршы" добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

"Мекеним Кыргызстан" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 108 миллион 215,6 миң сом;
  • Чыгымдалды — 105 миллион 053,7 миң сом.

"Биримдик" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 97 миллион 408,3 миң сом;
  • Чыгымдалды — 89 миллион 602,2 миң сом.

"Кыргызстан" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 90 миллион 539,6 миң сом;
  • Чыгымдалды — 88 миллион 407,8 миң сом.

"Ата Мекен" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 47 миллион 945,1 миң сом;
  • Чыгымдалды — 41 миллион 986,5 миң сом.

"Бир Бол" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 38 миллион 537,2 миң сом;
  • Чыгымдалды — 38 миллион 520,4 миң сом.

"Замандаш" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 37 миллион 292 миң сом;
  • Чыгымдалды — 37 миллион 278,1 миң сом.

"Республика" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 30 миллион 116,6 миң сом;
  • Чыгымдалды — 29 миллион 956,8 миң сом.

"Мекенчил" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 13 миллион 060,1 миң сом;
  • Чыгымдалды — 12 миллион 360,3 миң сом.

"Афганистан согушунун ардагерлери" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 10 миллион 169,5 миң сом;
  • Чыгымдалды — 10 миллион 117,3 миң сом.

"Социал-демократтар" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 9 миллион 423,3 миң сом;
  • Чыгымдалды — 9 миллион 234,1 миң сом.

"Ордо" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 8 миллион 314 миң сом;
  • Чыгымдалды — 8 миллион 287,5 миң сом.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 7 миллион 629,5 миң сом;
  • Чыгымдалды — 6 миллион 981,2 миң сом.

"Реформа" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 7 миллион 539,6 миң сом;
  • Чыгымдалды — 7 миллион 259,2 миң сом.

"Ыйман Нуру" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 7 миллион 063,8 миң сом;
  • Чыгымдалды — 6 миллион 562,4 миң сом.

"Мекен Ынтымагы" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 7 миллион 039,2 миң сом;
  • Чыгымдалды — 6 миллион 986,8 миң сом.

"Чоң Казат" партиясы:

  • Түшкөн каражат — 6 миллион 688,9 миң сом;
  • Чыгымдалды — 6 миллион 192,6 миң сом.
17
Белгилер:
чыгым, каражат, фонд, саясий партиялар, шайлоо
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама
Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу