Үй курууда мигранттарды ойлодум. Москвадагы ишкер Осмонбековдун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековМосквадагы кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү, "Ишкер аудитория" журналынын директору, "Байхан" ишкерлер клубунун жетекчиси жана AIKOL FC мушкерлер уюмунун президенти Кубанычбек Осмонбеков
Москвадагы кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү, Ишкер аудитория журналынын директору, Байхан ишкерлер клубунун жетекчиси жана AIKOL FC мушкерлер уюмунун президенти Кубанычбек Осмонбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычбек Осмонбеков бир нече жылдан бери Москвада жашап, ишкерликти аркалайт, ага кошумча коомдук иштерге активдүү аралашып келет.

Ал Москвадагы кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү, "Ишкер аудитория" журналынын директору, "Байхан" ишкерлер клубунун жетекчиси жана AIKOL FC мушкерлер уюмунун президенти. Ошондой эле курулуш компанияга ээлик кылат.

Учурда Осмонбеков август айынын ортосунда аралаш мушташ боюнча AIKOL FC 7 турнирин өткөрүүнү белсенип жатат.

34 жаштагы Кубанычбек Осмонбеков Ысык-Көлдүн кулуну. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Sputnik Кыргызстан аны менен ар кыл темада баарлашты.

— Москвада жашаганыңызга көп болдубу?

— 12 жыл. Россияда калайын деген оюм жок болчу. Мектепти аяктагандан кийин Туризм академиясына тапшыргам, окууну аяктаганда Санкт-Петербургдагы бир жумалык бизнес-тренингге барып калдым. Ал бүткөндө Москвадагы тааныштарга жолугуп, шаар көрө кетейин дедим. Анан жумуш табылып калып, алгач бармен, официант, курьер болдум. Кийинчерээк экономика боюнча билимимди тереңдеттим.

— Жаңы барганда кыйналдыңызбы?

Пианист, алып баруучу жана ишкер Сардар Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Суши-дүкөн ачып, кайра кыргызча үйрөндүм. Москвадагы алып баруучу Исмаиловдун маеги
— Өлкөдөгү эки революциядан кийин миграция күч албадыбы. Мен ошол убакта баргам. Ал кезде мигранттарга кыйын эле болчу. Документтерди бүтүрүүгө чоң акча жумшалчу, укук коргоо органдары тарабынан көзөмөл, текшерүүлөр көп болчу. ЕАЭБ түзүлгөндөн кийин бир топ жеңил болуп калды.

Эл катары бир бөлмөдө топ адам менен жашадым. Турмуштун ысык-суугун баштан кечирдик. Жөн гана иштеп жүрө бербей ишкерлик кылууга белсендим. Чачтарачкана, дүкөн, секонд-хенд, тамак ичкен жайларды иштеткенге аракет кылып, оюм ишке ашпай калган учурлар көп болду. Азыр кудайга шүгүр, бизнестен ордумду таптым.

— Учурда ишкерликтин кайсы түрүн аркалайсыз?

— Негизи бизнес адамды тандайт экен. Көп иштин башында жүрүп соңку жылдары курулуш тармагына кирип кеттим. Биздин компания мигранттарга ыңгайлаштырылган. Учурда Кыргызстанда 100дөн ашык үй курган компания бар. Бири дагы мигранттардын кызыкчылыгын эске албаптыр. Сыртта иштегендердин чогулткан акчасы жок. Ата-энесине, той-топурга жөнөтөт, насыясын төгөт, өзүнө жумшайт дегендей. Бирок аларда стабилдүү айлык маяна бар. Адатта курулуш компаниялар биринчи төлөмүн (30 пайыз) сурап, калганын бир жарым жылга бөлүп берет экен. Мындай шарт чет жердегилерде жок. Биздин компания биринчи төлөмүн жок кылып, төлөө мөөнөтүн үч жылдан узак кылып койгон. Буюрса, азыр экинчи долбоор башталды.

© Sputnik / Табылды КадырбековКубанычбек Осмонбеков Москвадагы кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү, "Ишкер аудитория" журналынын директору жана AIKOL FC мушкерлер уюмунун президенти.
Үй курууда мигранттарды ойлодум. Москвадагы ишкер Осмонбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Осмонбеков Москвадагы кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү, "Ишкер аудитория" журналынын директору жана AIKOL FC мушкерлер уюмунун президенти.

— Бизнесте күйүп кеткен учурларыңыз болдубу?

— Бардык каалооң Алладиндин лампасындай эле аткарылып калбайт да. Өйдө-төмөн кеткен учурлар көп. Эң эле көп дегенде 2 миллион рублге күйгөм. Бизнесте өнөктөштөрдү туура эмес тандап алыптырмын.

— Москвада ишкерликти аркалайм дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Бизнес жер тандабайт. Кыргызстанда деле, Москвада деле болсо, ар бир адамдын аракети жана кудайдын буйругу менен ишиң жүрүшөт деп ойлойм.

Болочок ишкерлерге сунушум бар. Эң алгач алдыга максат коюп, ошого жеткенге күч жумшоо керек. Экинчиси — бизнес жаатында өзүңдү күн сайын өнүктүрүү кажет. Маселен, интернеттен ишкерлик тууралуу китептерди, кеңештерди, маалыматтарды окуп туруу зарыл. Тренинг, мастер-класс, окутуулар да суудай керек.

— 2016-жылы мигранттарды спортко үндөө, жаман иштерден оолак кылуу максатын көздөп "Айкөл" спорт клубун ачканыңызды маалымдагансыз. Андан бери кылмыштуулуктун саны азайдыбы, канчалык деңгээлде оюңузга жете алдыңыз?

Бизнесмен Азамат Адылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Азамат "Советник": алданган учурда "караларга" кайрылдым
— 2010-жылдан тарта Москвадагы кыргыздар арасында криминалдык структуралар, уюшкан кылмыштуу топтор көбөйдү. Эң жаманы мекендештердин бири-бирине үстөмдүк кылганы болду. 2014-жылы Москва шаарында ИИМдин расмий өкүлчүлүгү ачылды, ага жаш подполковник Аскат Алиев дайындалды. Жарым жылдын ичинде уюшкан кылмыштуу топту жоё алды. Ал кездеги министр Мелис Турганбаев да буга салымын кошуп кетти. Мен анын Россиядагы коомдук кеңешчиси болчумун. Жеке ишкерлер, соодагерлер жыргап эле калышты.

Биз өзүбүздүн деңгээлде балдарды ыплас жолдордон алыс болуусуна көмөктөшүп жатабыз деп ойлойм. Биринчи кезекте "Айкөл" клубу мигрант спортчуларга багытталган социалдык долбоор катары ишке ашкандыгын белгилегим келет. Ал Москвада жайгашып, 200дөй бала тарбияланууда. Балдарга маалы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Спортчу чеберчилигин бир гана мелдеш талаасында көрсөтүшү керек экендигин дайыма эскертебиз.

Экинчи максатыбыз — спорт клубу аркылуу өлкөбүздү таанытуу. Россияда көп улуттун диаспоралары бар, алар ар тарабынан атаандаш. Маселен, "Ахмат" уюму кимдики десе, чечендердики же M-1 лигасы кимге таандык десе, россиялыктар дешет. Ошол сыяктуу биз "Айкөл" клубун кыргыздардыкы деп тааныткыбыз келет.

— Бирок криминалды түп орду менен жойдук деп айта албайсыздар да?

— Айтуу кыйын. Алар баш көтөрүп келе жатканда токтотуп туруу керек.

© Фото / из личного архива Кубанычбека ОсмонбековаОсмонбеков: Учурда Кыргызстанда 100дөн ашык үй курган компания бар. Бири дагы мигранттардын кызыкчылыгын эске албаптыр.
Үй курууда мигранттарды ойлодум. Москвадагы ишкер Осмонбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Осмонбеков: Учурда Кыргызстанда 100дөн ашык үй курган компания бар. Бири дагы мигранттардын кызыкчылыгын эске албаптыр.

— Так эмес маалыматтар боюнча Москвада 15тей спорт клубу бар экен. Ортодо ынтымак барбы?

— Албетте, ар дайым байланыштабыз. Клубдардын бардыгы ИИМдин көзөмөлүндө. Социалдык тармакта машыктыруучулары менен тайпа ачып алганбыз. Маселе болсо талкуулап, чечишип, жардам керек болсо бири-бирибизге кол сунуп турабыз. Атаандашуу бир гана турнирлерде болот. Кайсы клубдун балдары күчтүү экендиги бардыгына кызык да.

— Жыл башында россиялык каналдардын бири мигрант спортчуларды каралаган материал жарыялады эле...

— Ооба, ал видеону көрүп чыгып, диаспора өкүлдөрү, элчилик менен талкууладык. Бул буйрутма экени ачык эле көрүнүп турат. Репортаж жасалгандан кийин россиялык башка ЖМКлар биздин спортчулардын машыгуусун, жетишкендиктер тууралуу тартып кетишти. Мен кыргыз мигранттары өз ордун билишет, урмат-сыйга ээ деп тартынбай айта алам.

— Бир айдан кийин Чолпон-Атада аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөнү жатасыздар. Спорт күйөрмандары өзгөчө эмнелерге күбө боло алышат?

— "Айкөл" спорт клубунан тышкары мелдештерди өткөрө турчу AIKOL FC лигасын дагы ачканбыз. Биздин турнирлер Москвада жылына эки иреттен өтүп турчу эле. Быйыл туристтик сезонго ылайыктап Ысык-Көлдө өткөрмөй болдук. Бул да болсо өлкөнү таанытууга салым кошот деп ойлойм.

Доктор химических наук в одном из университетов в США Кайрат Сабыров - Sputnik Кыргызстан
АКШга барып окумуштуу болгон айылдык жигит. Илимпоз Сабыров менен маек
Турнирдин матчмейкери — спортчуларды тандап, бири-бири менен беттештирүү милдети "Аят" менеджерлик уюмунун жетекчиси Кубаныч Аманбековго жүктөлдү. Мелдештин алкагында үч чемпиондук кур жана Ысык-Көл кубогу ойнотулат. Алманбек Жаныбеков 77 килограмм салмактагы, Дастан Али Шаршеев 70 килограммдагы чемпиондук наамын коргойт. Ошондой эле Талгат Шакманов 66 килограмм категориясында чемпиондук кур үчүн беттешет. Турнирдин башкы беттештеринин биринде "Тайсон" каймана аты менен таанымал Канат Келдибеков кармашат.

Мындан тышкары, рейтинг үчүн беттештер болот. Россия, Украина, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары биздин мушкерлер менен күч сынашат.

— "Ишкер аудиториясы" журналыңыз тууралуу дагы айта кетсеңиз.

— Алты жылдан бери жарык көрүп келүүдө. Үй айда бир, үч миң нуска менен орус тилинде чыгат. Максаты — чет жерде жүргөн ишкер мекендештердин ийгилигин даңазалоо. Бул дагы социалдык долбоор болгондуктан, коммерциялык пайда деле көрбөйм. Жыл аягында 10 номинация боюнча мыктыларды аныктаганды салтка айлантканбыз. Бул наамдарды алуу үчүн аракетин жумшаган мекендештер сүйүндүрбөй койбойт. Эл да добуш берүүгө активдүү катышып келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Кубаныч Осмонбеков: "Айкөл" клубу мигрант спортчуларга багытталган социалдык долбоор катары ишке ашкандыгын белгилегим келет. Ал Москвада жайгашып, 200дөй бала тарбияланууда.
Үй курууда мигранттарды ойлодум. Москвадагы ишкер Осмонбековдун маеги - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Кубаныч Осмонбеков: "Айкөл" клубу мигрант спортчуларга багытталган социалдык долбоор катары ишке ашкандыгын белгилегим келет. Ал Москвада жайгашып, 200дөй бала тарбияланууда.

— Ишиңиз көп экен, баарына кантип жетишесиз?

— Аркалаган жумуштарым өзүмө жагат, эч качан мойнум жар бербей жасаган учурларым боло элек.

— Элин сагынбас эр болбосо керек, биротоло кайтып келейин деген максаттар барбы?

— Акыркы беш жылдан бери Кыргызстанга көчсөмбү деп эле аракет кылып жатам. Жумуш чыгып калат же балдар мектепке кирип калат. Айтор, ыңгайлуу убакыт болбой жүрөт. Бул жакка туризм жана курулуш жаатында ишкерлик кылып, Россиядан инвесторлорду тартканды көздөп жатабыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0