Кыргыз, өзбек жана тажик куткаруучулары алгач ирет биргелешкен окуудан өтөт

© SputnikӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда үч өлкөнүн адистери үчүн боло турчу окуунун сценарийи иштелүүдө.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын куткаруу кызматтары алгачкы ирет Баткен облусунда биргелешкен окуудан өтөт. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги ӨКМге шилтеме берип жазды.

Маалыматта машыгуу сентябрда өтөрү айтылды. Анда үч өлкөнүн куткаруучулары табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды чечүүдө биргелешип иш алып баруу жолдорун иштеп чыгышары айтылды.

Учурда үч өлкөнүн адистери алдыдагы окуунун сценарийин иштеп чыгууда. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0