Кыргызстандык окуучу Парижде өткөн химия олимпиадасынан 3-орунду алды

Жазылуу
Олимпиадага 84 өлкөдөн 330 окуучу катышканы айтылат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстандык окуучу химия сабагы боюнча Париж шаарында өткөн эл аралык олимпиададан коло медаль утуп алды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Международная олимпиада Genius в США - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окуучулар АКШдагы олимпиадада 12 медаль утту. Сүрөттөр
Маалыматка караганда, Бишкектеги №9 мектептин 11-классында окуган Мирхад Чекирбаев IChO деп аталган 53-эл аралык олимпиададан өз билимин сынап көргөн. Мелдешке 84 өлкөдөн 330 окуучу катышканы айтылат.

Мындан сырткары, аталган олимпиадага Кыргызстандан Нурсултан Соодонбеков, Элмар Зикиров жана Бакай Шейитовдор катышып, сертификаттар менен сыйланган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0