Адамзат кайра калыбына келчү бир жылдык ресурстарды түгөтүп бүттү

© AFP / Xavier GalianaМужчина несет вещи на переработку в Нью-Дели. Архивное фото
Мужчина несет вещи на переработку в Нью-Дели. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөлөргө ылайык, жаратылыш ресурстары: суу, топурак жана аба кайта калыбына келгенге чейин эле 1,75 эсе тездик менен колдонулуп жатат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Адамзат 2019-жылдын 29-июлуна карата Жер планетасы өз алдынча бир жылда кайта калыбына келтире алчу ресурстардын баарын түгөттү. Бул тууралуу Global Footprint Network аналитикалык борборунун изилдөөсүндө айтылат. 

Курт-кумурскалар. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Курт-кумурскалар жоголуп баратат. Андан ары адамзатты ири кыйроолор күтөт
Ага ылайык, бүткүл дүйнөлүк экологиялык карызкор күнү мындан 20 жыл мурдагыга салыштырмалуу эки айга эрте келип жатат. 1993-жылы бүткүл дүйнөлүк экологиялык карызкор күнү 21-октябрга туура келсе, 2003-жылы бул дата 22-сентябрга жылган, ал эми 2017-жылы 2-августка туура келген.

Изилдөөлөргө ылайык, жаратылыш ресурстары: суу, топурак жана аба кайта калыбына келгенге чейин эле 1,75 эсе тездик менен колдонулуп жатат.

Окумуштуулар кайра калыбына келчү ресурсту аша чаап колдонуунун терс таасири билинип жатканын кабарлашууда. Мисалы, токойлордун жоголушу, топурактын эрозиясы, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрүнүн азайышы аны даана тастыктап турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0