Этке ууланган кудалар, көз жумган бөбөк. Ботулизмден жабыркагандар көбөйүүдө

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТрадиционный бурятский обряд "Обоо тахилган"
Традиционный бурятский обряд Обоо тахилган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аптаптуу ысыкта тамакка уулангандардын саны бир кыйла көбөйөт. Ушул жылдын июль айынын башында Токмок шаарындагы тойканалардын биринде 174 адам тамакка ууланды. Андан мурдараак Ысык-Көлдө кыз узатуу тоюнда тартылган эттен 19 киши ооруканага түшкөн.

Кафе в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Санэпидем Бишкектеги эң мыкты жана эң начар кафелерге стикер чаптады. 2-бөлүк
Мындай учурлардын кантип алдын алууга болот, өлкөдө жылына канча адам тамак-ашка ууланып ооруканага жатат, алардын арасында көз жумгандары да барбы? Ушул жана ботулизмге байланышкан башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин берген маалыматына таянсак, акыркы эки жылда (2018-2019) тамак-ашка уулангандардын саны башка жылдарга салыштырмалуу кыйла өсүптүр.

Алсак, 2018-жылы өлкө боюнча жалпы 479 адам ботулизмден жабыркаган. Ал эми быйылкы жылдын жети айында эле 279 киши тамактан ууланганы белгилүү болду.

Тамакка ууланып каза болгон учурлар да катталган. 2018-жылдын февраль айында Ош облусунун Кара-Суу аймактык ооруканасына тамактан ууланып 17 адам түшөт. Алардын 10у чоң киши болсо, жетөө жаш балдар эле. Жыйынтыгында бир бөбөк эсине келбей көз жумган

Массалык тамак-ашка уулангандар көптүк кылат

Ар бир тамактын сактоо мөөнөтүн эске албаса, жөнөкөй куурулган картошка да ууланууга алып келиши ыктымал. Алсак, 2018-2019-жылдары айрымдар тойдо тартылган эттен, быжы, шорподон, майонез кошулган салаттан, куурулган картошка, гречка сыяктуу тамактардан ууланышкан. Төмөндөгү таблицадан адамдар кайсы жакта, кандай азыктан ууланганы так жазылган.

Тамак жеген жайлар текшерилбейт...

Эт цехи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Калктуу аймакка ишкана ачкандар салыктын бир нече түрүнөн бошотулат. Тизме
Коомдук тамактануучу жайлардагы тамак-аштан массалык уулануулар көп катталганына карабай, өкмөт былтыр "Жеке ишкерликти текшерүүгѳ убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жѳнүндѳгү" токтомун кабыл алган. Ал документ 2019-жылдан баштап күчүнө кирген. Токтомдун жобосуна ылайык, бир топ маморгандар, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык департамент да 2021-жылга чейин бир дагы тамактануучу жайды текшере албайт.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин айтымында, коомдук тамактануучу жайлар жарандардан арыз түшкөн учурда гана текшерүүгө алынат.

"Бишкекте 150 гана тез татым түйүнү биздин көзөмөлдө. Бул багыттагы калган тамактануучу жайлар Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан тескелбейт. Себеби мыйзам боюнча андай объектилер өз ишмердүүлүгүн баштаган күндөн тарта үч жыл биздин карамагыбыздан сырткары болушат. Бирок жыл сайын пландык негизде аларды текшерип турууга укуктуубуз. Ошондой эле жарандардан арыз түшсө да текшерүү жүргүзүлөт. Ал эми калган учурда тамактануучу жайларды эч ким көзөмөлдөбөйт жана кардарлардын коопсуздугуна жеке ишкерлер өздөрү жооптуу болуп эсептелет", — деди Мурзашев.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин адистеринин айтымында, тез татым жайларынан да уулангандардын саны артууда. Андыктан майонез, кетчуп аралашмалары кошулган тамак-аштарды жана крем аралашкан кондитердик таттууларды ысыкта абайлап жеш керектигин эскертишти.

Ысыктын күнүндө тамак-ашка ууланбаш үчүн эмне кылуу керек

— Гигиенаны туура сактап, тез-тезден колду жууп туруу зарыл;

— Дааратканага баргандан кийин жана тамак ичер алдында сөзсүз колду тазалап жууш керек;

— Жаш балдарды эшиктен үйгө киргенде, айбанаттар менен ойногондон кийин сөзсүз колдорун таза жууганга үйрөтүп, көндүрүү кажет;

— Этти жакшы жылытканга аракет кылыңыздар. Ашкананы таза кармап, даяр жана чийки азыктарды өз-өзүнчө сактоо шарт. Даяр тамак-ашты эки сааттан көп калтырбай, муздаткычка салуу зарыл;

Дарбыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун базарынан алынган резинадай чоюлчаак, сүйрү дарбыз. Видеонун чоо-жайы
— Мөмө жана жер-жемиштерди колдонор алдында таза жууш керек;

— Көчөдө жасалган тамактарды сатып албаңыздар;

— Жай мезгилинде таза сууну көп ичүү керек. Үйдөн таза суу чыкпаса, атайын бойлерден же кайнатылган сууну ичкен оң;

— Дүкөндөн же базардан азык-түлүк алып жатканда сапатына, сактоо мөөнөтүнө, шартына көңүл буруу керек.

— Инфекция алып жүрүүчү чымын-чиркей, курт-кумурскалардан коргонуу зарыл.

Адистер эгерде тамак-ашка ууланып калсаңыз, үй шартында дарыланбастан, тезинен адистерге кайрылуу керектигин эскертет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0