Нарын шаарынын борбордук аянты оңдоп-түзөлөт. Эскиздери

Жазылуу
Аянтты реконструкциялоо ишине республикалык бюджеттен 19 миллион сом бөлүнүп берилген.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянты жакында толугу менен реконструкцияланат. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлап, эскиздерин жарыялады. 

Маалыматка ылайык, аянтты оңдоп-түзөө долбоору былтыр иштелип чыгып, ага 25 миллион сомго жакын акча керек экени аныкталган. Ошондон бери каражат издөө аракеттери жүрүп келген.

"Быйыл улуу инсан Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата аянтты реконструкциялоо боюнча өкмөткө берген сунушубуз колдоого алынып, республикалык бюджеттен 19 миллион сом бөлүндү. Мындан сырткары, Усубалиевдин айкелин орнотууга жумшалчу 6 миллион сомдой каражатты Аскар Салымбеков демөөрчү катары бермей болду", — деп айтылат маалыматта.

Жакынкы күндөрдө Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер жарыяланып, реконструкциялоо иштери башталары кошумчаланды.

Нарын Турдакун Усубалиев борбордук аянт реконструкция каражат

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0