Бишкектин депутаттары "Газпромдун" мектебин коомдук фондго өткөрүп беришти

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваШкола в южной части Бишкека построенная в рамках проекта "Газпром — детям"
Школа в южной части Бишкека построенная в рамках проекта Газпром — детям - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК депутаттары мектеп боюнча көп ирет чогулуп, бир пикирге келе албай жатышкан. Бүгүн мэр Азиз Суракматовдун сунушу менен БШК кезексиз жыйын өткөрүп, чечим чыгарды.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары "Газпром Кыргызстан" компаниясы тарабынан курулган мектепти "Газпром Кыргызстан мектеби" фондусуна өткөрүп бергенин мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Курулуш иши жүрүп жатканда шаардыктар мектеп кимге тийиштүү болоруна кызыгып жатышкан. 24-июнда келишимдин негизинде мектеп Бишкек мэриясынын менчигине өткөрүлгөн. Бирок анын толук иштешине каражат көп сарпталгандыктан, мэрия коомдук фондго берүүнү сунуштаган.

Окуучу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик мектеп формасын тандоодо эске алчу шарттарды атады
БШК депутаттары мектеп боюнча көп ирет жолугуп, бир пикирге келе албай жатышкан. Бүгүн мэр Азиз Суракматовдун сунушу менен БШК кезексиз жыйын өткөрүп, чечим чыгарды.

Долбоордун токтомунда мектепти коомдук фондго үч жылдык мөөнөт менен билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө берилери каралган.

Ар бир окуучу билим алганы үчүн ай сайын бере турчу 22 миң сом "Газпром" компаниясына берилбейт. Имараттын бир жылдык ижарасы 170 миллион сомдон ашык акчага айлангандыктан, окуучулардан түшкөн каражат мектептин керектөөлөрүнө жумшалат.

БШК мектеп ижара жаатында дагы иш алып баруусу үчүн муниципалитетке аны мүлк комплекстеринин катарына киргизүүнү тапшырма берген. Бирок ижара иштери шаардык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен жүргүзүлүшү керек экендигин белгилеген.

Мектеп 960 балага ылайыкталган. Окуу имараты Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө жайгашкан.

Жаңы мектептин ичи-тышынын көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан тарткан видеодон көрүңүз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0