Кыргызстандыктар коррупцияга белчесинен баткан органдарды атады. Тизме

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаракорлук. Архив
Паракорлук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар антирейтингдин дээрлик бардык лидерлерине минус балл беришти.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик органдарга ишенимдүүлүк индексин жарыялады.

Глава Госагентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Абдыкалык Рустамов - Sputnik Кыргызстан
Токой чарба агенттигинин директору Рустамов пара алып жатып кармалды
Белгилей кетсек, индекс +100 жана –100 баллдык шкала менен эсептелет. Тизмеге жергиликтүү башкаруу органдары кошулган жок.

Кыргызстандыктардын пикири боюнча эң коррупциялашкан мамлекеттик органдар төмөнкүлөр:

1. Мамлекеттик бажы кызматы (–18,7);

2. Саламаттык сактоо министрлиги (–11,1);

3. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (–10,2);

4. Ички иштер министрлиги (–7,9);

5. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (0,3).

Жарым жыл мурда деле рейтинг дал ушундай эле. Болгону Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ордунда Транспорт жана жолдор министрлиги турган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0