Москвада иштеп жүргөн кыз. Архивдик сүрөт

Москвадагы мигрант кыздардын чыныгы турмушун көбү билбейт. Толгонткон маек

1975
(жаңыланган 11:46 05.08.2019)
Жылдыз Осмонова көп жыл Россияда жашаган. Керек болсо 27 киши менен чогуу үч бөлмөлүү батирде баш калкалаган күндөрү болгон. Бирок ушул тапта Россиядагы кыргызстандыктардын көбүнүн жашоосу, Кудай жалгап, жакшы жагына өзгөрдү.

Жылдыз Осмоновадан көрө, маекке президентти чакыруу жеңилирээктей сезилип кетти. Жасай турган иши саат-мүнөтүнө алдын ала белгиленип калган үч баланын энеси менчик дүкөнүн иштетип, Москвадагы компания менен да алыстан туруп кызматташат. Андан сырткары, Россияда жашаган мекендештерге көмөк көрсөтөт.

Редакциябызга Жылдыз үч баласы менен келди. Он айлык кичүү кызын кыздарыбыз карап турганча, андан улуу эки баласы апасы кантип маек куруп жатканын кызыгуу менен карап турушту. 

Общественный деятель Жылдыз Осмонова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Дильноза Алымова
Коомдук ишмер Жылдыз Осмонова үч баланын энеси

— Бир жолу статистикалык сурамжылоо колума тийип калды. Анда чет жакка акча табуу үчүн кеткен кыздар турмушка чыгууда кыйналары жазылыптыр. Башка өлкөдө эмне кылып жүргөнүн бир Кудай өзү билбесе дегендей...

— Ооба, мындай көйгөй бар. Айрым жерлерде турмушка чыга элек кыздарын чет жакка жиберишпейт. Башка мамлекетте жашап келген кыз абийиринен ажырап келет деген түшүнүк жашайт.

Бирок башка көрүнүшкө да күбө болгом. Бүтүндөй бүлөнүн түйшүгүн өзү жалгыз көтөргөн жапжаш кыздар бар. Ата-эне насыя алат да, эч нерсе көрө элек кыздар Москвада иштөөгө аргасыз болот. Бир жолу үйгө акча салайын деп турсам, кезекте тургандардын дээрлик баары туугандарынын кредити тууралуу сөз кылганы эсимде. Май көл, сүт көлдө жашаган киши кантип мигрант болсун. Демек, акча тапканы кеткен кыздарга терс мамиле жасоо болбойт деп ойлойм.

Баса, бир аялдын "Эгер Москвада иштеп келсе, анда кайраттуу, тың кыз экен. Мага ушундай келин керек" дегенин да уккам.

— Мындай кыздар жерде калбаса керек?

— Ооба, көбү Москвада эле мекендештери менен таанышып, бүлө курушат. Жашоолору жакшы.

— Күн-түн дебей иштеп жиберген акчасын той-топурга жумшап ийген туугандарына мигранттар нааразы болушабы?

— Ананчы! Бирок айта алышпайт. Энең чалып, тойго акча керек эле десе, ким эмне дейт? Унчукпай керектүү сумманы жиберет. Акча жиберип жатып дээрлик баары "ушу той дегендер качан токтойт" деп ойлошот. 

Общественный деятель Жылдыз Осмонова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Дильноза Алымова
Жылдыз Осмонова: Бир жолу үйгө акча салайын деп турсам, кезекте тургандардын дээрлик баары туугандарынын кредити тууралуу сөз кылганы эсимде. Май көл, сүт көлдө жашаган киши кантип мигрант болсун.

— Келиңиз, өзүңүз тууралуу сүйлөшөлү. Ата-энеңиз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

— СССР кулагандан кийин ата-энем аябай кыйналды. 1995-жылы ажырашып, биз кадимкидей эле ачка калдык. Апам кафеде идиш жууп иштечү, кардарлардан калган-каткан тамакты качан алып келет деп кечке чейин кезерип күтүп отурчубуз.

Кыздардын улуусу элем, 2-классыман эле иштей баштадым. Алгач "Дордой" базарында, кийин парктарда таттуу кебез сатчумун. Сиңдиме бут кийим же мектепке карандаш сатып алсам деп ойлонор элем. Тое тамак жебесек да мен бактылуу балалыкты башыман кечирдим деп эсептейм. Анткени ата-энем жанымда эле. Азыркы күндө дасторкону жайнап, бирок ата-энеси алыста жүргөн балдарды көрүп зээним кейийт...

— Россияга 2007-жылы келипсиз. Азыркыга караганда ошол жылдар мигранттар үчүн оор эле болсо керек?

— Ооба, шарттар кыйла кыйын эле. 21 жашымда кеттим. Москвада туугандарым жок болчу, болгону эки курбу кызымды караан туттум.

Поезддин вагонунан түшкөндөн кийин гана корко баштадым. Мени менен чогуу келгендердин баарын бирөөлөр тосуп алышты. Перрондо жалгыз туруп, "Ушундай да акылсыз боломбу? Эмнеге келдим бул жакка?" деп ойлондум. Качан гана "Жылдыз!" деген курбумдун үнүн укканда жеңилдей түштүм.

Алгач курдашымдын эки бөлмөлүү батиринде жашадым, ал жерди менден башка тогуз кыргызстандык башпаанектейт экен. Ошол учурда мындай шарт тимеле укмуш болуп саналчу.

Үч бөлмөлүү батирде 27 киши болуп жашаганыбыз эсимде! Официант болуп иштечүмүн, таң атпай кетип, түнкү 11де келчүмүн. Чогуу жашагандардын айрымдарын гана тааныр элем. Кээси күндүз, дагы бири түнкүсүн иштечү, мындан улам ар кайсы убакта уктачубуз. Бир жолу коңшуларымдын түнкү сменин жоюп салышыптыр. Бир бөлмөдө сегиз кишинин ордуна 19 киши болуп калдык. Анан чатакты көрүп алыңыз. Бирок акыры батыштык, кайда барат элек.

— Москвадан оңой эле жумуш таптыңызбы?

— Ооба, Кыргызстанда деле официант болуп иштечүмүн да. Бирок баары бир кыйынчылыктар болот экен. Мисалы, бизде лагман, манты, аш сыяктуу тамактар популярдуу эмеспи, ал жактан каяктагы бир "цезарды" сурашат, андан да тоок эти жана креветка менен болуп эки түрү бар экен (күлүп). 

Кыргызстанка Жылдыз Осмонова, которая с помощью Интернета спасает людей
Азамат Адылгазиев
Жылдыз Осмонова: Кыздардын улуусу элем, 2-классыман эле иштей баштадым. Алгач "Дордой" базарында, кийин парктарда таттуу кебез сатчумун.

— Биздин мигранттарга кандайча жардам берип калдыңыз?

— 2014-жыл болчу. Бир мекендешибиз каза таап, сөөгүн Нарынга жеткириш керек болду. Эл жардам бере баштады... Ошентип башталып кетти. Негизинен жардамды деле жөнөкөй жумушчулар — жүк жүктөгүчтөр, ашпозчулар, официанттар берет. Байлар өтө сейрек.

— Жүрөктө калган окуя тууралуу айтып берсеңиз.

— Биз киши каза болуп, сөөк жөнөтүүгө акчабыз жетпей жатты. 30 миң рубль чогултуу керек эле. Подмосковьеде жүк ташыгыч болуп иштеген бир киши келип эле 25 миң рубль сунду... Кимдир бирөөгө бул күлкү келтирерлик сумма болушу мүмкүн, бирок ошол адам үчүн бул аябагандай эле көп акча болчу. Бир ай бою оор жүктөрдү көтөрүп, кыйналып жүрүп тапкан акчасын ошентип эле берип койду. Атын да атпай койду, бирок менин эсимде түбөлүк калды.

Соцтармакка ал киши тууралуу пост жазгам. Анан эле телефонума эсепке акча түшкөнү тууралуу билдирүүлөр жайнап келе баштады. Эл жүк ташыгыч тууралуу окуп, керектүү суммадан үч эсе көп акча чогултуп беришти. Мен баягы кишиге 1000 рублди алып калып, калганын кайтарып бердим.

Азыр жардамга муктаж мигранттардын саны азайды. Москвадагы кыргызстандыктар аймак-аймак боюнча бириге башташты. Айрымдар муну туура эмес көрүшү мүмкүн. Бирок бул ыңгайлуу кадам экен. Айылдаштар 50-100 кишиден чогулуп, ай сайын кичи мекенине жардам берүү фондусуна акча которуп коюшат. Бул каражатка мектептер оңдолуп, спорт аянтчалары курулуп, муктаждарга жардамдар берилип жатат.

— Акыркы жылдары москвалыктардын кыргызстандыктарга болгон мамилеси өзгөрдүбү?

— Он жыл мурун биз жөнүндө эч ким билчү эмес. Кыргызстандыкмын десең, "Боз үйдө жашайсыңарбы?" дешчү. Азыр болсо өздөрү "Кыргызсыңбы?" деп сурашат да кыргыз тааныштары тууралуу кеп салып беришет. Бизди аябай мээримдүү эл деп билишет. 

Главный редактор газеты Москва KG Жылдыз Осмонова. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ЖК
Жылдыз Осмонова: азыр жардамга муктаж мигранттардын саны азайды

— Персонал тандоо боюнча менеджер болуп иштегенсиз да. Кыргызстандыктардын Россияда иш издөөсү тууралуу жакшы эле кабардар болушуңуз керек.

— Ооба, мамлекет ЕАЭБге мүчө эмеспи. Мекендештерибиздин россиялыктардыкындай эле укуктары бар. Орус тилин жакшы билип, ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасаганы үчүн кыргызстандыктарды баалашат.

— Акыркы эки жылдан бери мекениңизде жашайт экенсиз. Эмне болуп келип калдыңыз?

— Атам ооруп калды. Москвага алып кетейин десем, ал жактын абасы туура келбейт экен. Жалгыз калбасын деп кайтып келдим.

— Анан ишкерликке өттүңүз...

— Идея Мовкада жашап жүргөндө эле, үч жыл мурун пайда болгон. Эгиз жээндүү болуп, ороо-чулгоо (конверт — ред.) алышым керек болду. Москвада баасы өтө эле кымбат экен. Анан жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ороо-чулгоону Кыргызстанда тигип, Москвага сатуу идеясы пайда болду. Тууганым тигип, мага жөнөтүп турду. Ошентип интернет-дүкөн ачтым.

Ал кезде ортодогу айырмачылык бир топ болчу, азыр Москвадагы дүкөндөрдө арзандатуулар, акциялар байма-бай жүрүп турат. Ага карабастан биздин ороо-чулгоолор Россияда жакшы эле сатылат.

Үчүнчү балам боюмда бар кезде ишкерликтин жаңы тепкичине чыктым десем болот. Ал кезде Бишкекке кайтып келгем. Дароо эле жашоо Москвадагыдай эмес экенин аңдадым. Мисалы, ал жакта келиндер төрөт үйүнө телефонун, кубаттагыч, анан тапичкесин көтөрүп алып эле барышат. Калганынын баары менен оорукана камсыздайт. Андан сырткары, мэрден белек келет, кутуда ымыркайга арналган 44 буюм болот. Кандай сонун, ээ!

Бизде болсо кош бойлуу келин керебеттен башкасынын баарын көтөрө барат. Анан төрөт үйү үчүн атайын даяр оокаттардын топтомун (набор — ред.) чыгарууга бел байладым. Мына, 10 айдан берки эң өтүмдүү товар болуп чыга келди. 

Общественный деятель Жылдыз Осмонова во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Дильноза Алымова
Жылдыз Осмонова: Мекендештерибиздин россиялыктардыкындай эле укуктары бар. Орус тилин жакшы билип, ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасаганы үчүн кыргызстандыктарды баалашат.

— Мындан ары деле деле интернет-дүкөн иштете берсеңиз болмок экен да. Кадимки дүкөн ачуунун зарылдыгы бар беле? Ижарага, сатуучуга акча коротуп дегеним да.

— Мекенине кайтып иш ачууну каалагандарга арналган "Мигрант ишкер" деген курска бардым. Машыктыруучум үч саатта 150 миң сом пайда көрүү тапшырмасын берди. Аткарыш керек эле.

Ошол жерден эле бир ой келди. Төрөт үйлөрү үчүн буюмдардын топтому 2 200 сом турат. Алдын ала заказ бергендерге бир таңгак жалаяк шым береримди жаздым. 150 миң сомго товар сатуу үчүн мага 60тай кардар керек эле, натыйжада эки эсе көп заказ түштү. Кардарлар көбөйүп, ошентип дүкөн ачууга туура келди.

— Мамлекеттик органдар менен кыйынчылыктар болгон жокпу?

— Дүкөн ачкандан кийин эртеси салык инспекторлору келип, документ талап кылышты. Мен дароо эле президенттин ишин жаңы баштаган ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган Жарлыгын эскерттим. Инспекторлор кетип калышты.

Текшергени келгендерге акча бере коюп атып өзүбүз жаман көндүргөнбүз. Бир тааныштарым маморгандар тийишпеши үчүн канча акча керектелерин түшүндүрүп беришкени да эсимде. "Эмнеге?" деп кайра суроо салгам, мыйзамга таянып иш кылган оң да. Балээнин баары өзүбүздө.

— Күйөөсү, үч баласы бар аялга ишкерлик кылуу оор эмеспи?

— Жок, тескерисинче, бул чоң артыкчылык. Эл балдарым бар экенин көрүп, энелердин муктаждыгын жакшы түшүнөт деген пикирде. Ишим жакшы, Бишкектен кетпейм. Сиздер шаар акыркы он жылда кандай өзгөрүп-өнүккөнүн байкабасаңыздар керек. Эми акча табуу үчүн сөзсүз эле чет жакка чыгуунун кажети жок.

1975
Белгилер:
Мигрант, мыйзам, ымыркай, ишкер, Кыргызстан, Москва
Тема боюнча
Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт
ЕАЭБ өлкөлөрү мигранттарга пенсия төлөй баштайт. Жол-жобосу кандай болот