Жээнбеков мигранттарга берилчү "Мекен карттын" артыкчылыгын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервое заседание Совета по связям с соотечественниками за рубежом
Первое заседание Совета по связям с соотечественниками за рубежом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөнүн айтып, анын артыкчылыктарына токтолду.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарды колдоо үчүн "Мекен карт" түшүнүгү киргизилип жатат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сбор хлопка в окрестностях Ахшабада - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик мигранттардан жылына Кыргызстанга 8 млн. доллар түшүрсө болобу? Демилге
Жээнбеков мигранттардын берген сунуштарынын негизинде "Чет өлкөдөгү мекендештерге мамлекеттик колдоо көргөзүүнүн негиздери" жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү иштелип чыкканын айтты. Бул өзгөртүүлөр кабыл алынган соң тийиштүү мамлекеттик программа иштелип чыгат.

Бул программанын алкагында миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды өнүктүрүү, коопсуздук маселелери, сыртта жүргөн мекендештердин өлкөнүн өнүгүү процесстерине катышуусу, мекендештер менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү механизмдери жана ыкмалары аныкталышы зарыл.

Президент, мындан тышкары, "Мекен карт" жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты. Ага ылайык, мигранттар жана Кыргызстандан барып ошол өлкөнүн жарандыгын алгандар үчүн жаңы укуктук статус киргизилет.

"Бул статусту алган жаран мекени, тууган-уругу, жакындары менен байланышын үзбөй, Кыргызстанга тоскоолдуксуз келип кетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Кыргызстанга инвестиция салууга, билим берүү, саламаттык сактоо кызматтарын пайдаланууга жана иштөөгө шарт түзөт. "Мекен картты" алган ар бир мекендешибиздин укугу мыйзам негизинде корголот. "Мекен карттын колдонуучусу кошумча укуктарга ээ болгондон тышкары анын милдеттери дагы так көрсөтүлүшү керек деп эсептейм", — деди Жээнбеков.

"Мекен карт" боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0