Мамлекеттик кызматта иштеген Мирлан Ишенов жубайы Касиет Унжурбаева жана уулу менен

Аутист баланын атасы: чүрпөсүнүн дартын угуп таштап кеткен эркектерге айтарым бар

2805
(жаңыланган 16:30 02.08.2019)
Мамлекеттик кызматта иштеген Мирлан Ишенов уулунун дартынан жумушун таштоого аргасыз болгон. Анын экинчи баласы аутист. Мындай балдарды дарылап реабилитациялоого оңбогондой акча кетет. Маектеш ишкерликке өтүп, азыр сырттан велосипед алдырып, сатып жатканын айтты.

Мирлан Ишенов 3-августта аутист балдардын ата-энелерине маалымат жеткирүү максатында Бишкектен Ысык-Көлгө чейин веложүрүш жасаганы жатат. Иш-чаранын алдында ал жубайы менен Sputnik Кыргызстан агенттигине келип уулунун дарты, аймактардагы элдин аутизм боюнча түшүнүгү тууралуу айтып берди.

— Уулуңардын дартын канча жашында кантип билип калдыңар?

Мирлан Ишенов: — Негизи өзүбүз Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айылында турабыз. Айылда тийиштүү адистердин жоктугунан балабыздын аутист экенин кеч билип калдык.

Касиет Унжурбаева: — Мындай учурга биринчи ирет кабылгандыктан, башында көп этибар алган эмеспиз. Балабыз үч жашка чыкты. Бирок сүйлөгөнү кечеңдеп, чакырсак келбейт, карабайт. Тынчсызданып Бишкекке алып бардык. Ал учурда үчүнчү балабыз төрт айлык болчу. Күн ысык. Жал кичи районундагы балдар ооруканасына барсак, ал жактын дарыгерлери ЗПРР деген диагноз коюшту. Ал психологиялык жактан жабыркаган дегенди түшүндүрөт экен. Кулагы укпай жатабы деп аппаратка салдырсак, "100 пайыз угат, кулагы таза" деп чыкты. "Жакшы болуп кетээр, сүйлөп калаар" деп кичинекей менен ысыкта кыйналбай кетип калдык.

Бир күнү кокустан эле Тоң районунун Бөкөнбаев айылында майыптыгы бар балдардын "Шоола көл" деген уюмунда иштеген Чынара эжеге жолугуп калдым. Ал киши балабызды көрүп эле "аутизмдин белгилери бар экен" деди. Адистер негизи мындай балдарды дароо билишет турбайбы. "Атайын бир тест бар, ошондон өтүп көр" деп сунуш кылды. Тесттен өтсөк балабызда аутизмдин белгилери бар болуп чыкты. Ошентип Чынара эженин сунушу менен Бишкектеги аутист балдар менен иштеген "Рука в руке" коомдук бирикмесине келип калдык. 

Кыргызстанец Мирлан Ишенов с супругой Касиет Унжурбаевой
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Мирлан Ишенов жубайы Касиет менен уулунун дарты, аймактардагы элдин аутизм боюнча түшүнүгү тууралуу айтып берди.

— Бул синдромду дарыгерлер төрөлгөндө эле аныктай албайт бекен?

К.У.: — Уулубуз төрөлгөндө жакшы эле болчу. Бир жарым жашында эжеси менен ойноп, чакырсак келчү. Аутист балдар негизи ойномок түгүл бирөөнү карай да албайт экен да. Андан кийин эле кыймыл-аракети, жүрүш-турушу өзгөрө баштады. Адистердин айтымында, аутизмдин белгилери үч жашка чейин билинет экен. Кээ бириники тубаса болот дейт. Мындай балдарды адистерге канчалык эрте көрсөтсөң, жыйынтыгы ошончо жакшы болот дешти.

Баса, биздин медициналык кызматкерлердин аутизм боюнча маалыматы өтө эле аз. Билбей эле ар кандай диагноз кое беришет. Райондук ооруканаларга барсаң, дароо эле шаарга жөнөтүшөт.

— Баланы реаблитациядан өткөрүп жатканыңыздарга канча болду? Жыйынтык барбы? Ысык-Көлдөн Бишкекке каттап турасыздарбы?

К.У.: — Аутист балдардын эң чоң көйгөйү — коомго кошулуу. Анткени булар бала менен ойной албайт, эч нерсеге кызыкпайт, ал тургай бирөөнү тиктеп карай албайт. Жашоого жөндөмү жок болот. Бирок ошонун баарын реабилитация аркылуу үйрөтсө болот экен. "Рука в руке" коомдук бирикмесинин сабактарына 2019-жылдын башынан бери келип жатабыз. Азыр уулубуз оюнчук ойногонду үйрөнүп калды. Уулубузга карап убактылуу Бишкектебиз. Бирок эки балам Ысык-Көлдө чоң энесинин колунда болгондуктан, ал жакка да тез-тезден каттап турабыз.

М.И.: — Аутист, Даун синдрому бар балдарды деле баарына үйрөтсө болот экен. Болгону ата-эне чыгынып, аракет кылышы керек. Азыр мындай балдардын ата-энелеринин көбү эле кайдыгер мамиле кылып, алар менен иштебей коюп жатат. Ден соолугу, акыл-эси соо балага деле эч нерсе үйрөпөсө, ошол бойдон калат. Ошол сыяктуу буларды жашоого жөндөмдүү кылып, өз алдынча болууга көндүрсө болот. Мындай балдарды өз алдынча кылууга убакыт, анан көп акча талап кылынат экен. 

Кыргызстанец Мирлан Ишенов с супругой Касиет Унжурбаевой и с сыном страдающим аутизмом
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Касиет Унжурбаева: аутист балдардын эң чоң көйгөйү — коомго кошулуу. Ушуну акыркыга коесузбу

— Чыгымыңыздар бир топ эле болуп жаткан экен да?

К.У.: — Ооба, каражат аз болсо баланы дарылатуу кыйын. Мисалы, биз бир күндө эки сааттык окууга жазылдык. Ага айына 17 500 сом төлөйбүз. Күнүнө төрт саат окута тургандардын акысы 35 миң сом. Андан да кымбат, адистери күчтүү борборлор бар. Ал жактарда акыны доллар менен алышат.

М.И.: — Реабилитация кымбат болгондуктан, мамлекеттик кызматты таштап башка ишке өтүүгө туура келди.

— Кайда иштечү элеңиз?

М.И.: — Буга чейин Тоң айыл өкмөтүндө иштечүмүн. Бирок уулумдун диагнозунан кийин жеке ишкерликке өтүүгө туура келди. Анткени айыл өкмөттө айлык аз, эч нерсеге жетпейт. 

Отец ребенка с аутизмом Мирлан Ишенов собирается пройти велопробегом от Бишкека до Тонского района Иссык-Куля
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Мирлан Ишенов: балабызды "Рука в руке" коомдук бирикмесине алып барганда ар кандай тагдырларды көрдүк. Көп аял баласын жалгыз дарылатып жүрөт. Көрсө, алардын күйөөлөрү балдарынын диагнозун укканда таштап кетиптир.

— Эмне жумуш кыласыз?

М.И.: — Дени сак жашоо, таза экология үчүн жан үрөгөн адаммын. Мындан улам автоунаага караганда велосипед сатууну туура көрдүм. Ал абаны булгабайт, адамдардын ден соолугун чыңайт дегендей. Бир жылдан бери чет өлкөдөн велосипед алдырып, Кыргызстанда сатам. Кардарлар кичинеден көбөйүп келе жатат. Буга чейин экомарафонго да катышкам. Анда жөө күлүктөр менен чуркаганча Ысык-Көлдүн айланасындагы таштандыны тазалап чыкканбыз.

— Баса, веложүрүш да өткөргөнү жатыптырсыз, иш-чара тууралуу да айта кетесизби?

— Негизи велосипед менен Бишкектен Ысык-Көлгө чейин жүрүш кылсамбы деп ойлонуп жүргөм. Анан жөн барбай аутизм боюнча элге маалымат тарата кетүүнү ойлодум. Анткени аймактарда көп адамдын аутизм тууралуу кабары жок. Айрымдар баласы көпкө чейин сүйлөбөсө "тили кеч чыгаар" деп жүрө берет. Мындан сырткары, кээ бир ата-энелер кайдыгерлик кылып аутист чүрпөсүн дарыгер, адистерге көрсөтпөйт. Аны канчалык эрте аныктап, убагында реабилитациядан өткөрсө, кийин бала коомго өз алдынча кошула алат. Ошондуктан Тоң районуна жеткиче аутизм тууралуу "Рука в руке" коомдук бирикмесинин маалымат баракчаларын таратайын деп чечтим. 

Кыргызстанец Мирлан Ишенов с супругой Касиет Унжурбаевой и с сыном страдающим аутизмом
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Касиет Унжурбаева: аутист балдардын эң чоң көйгөйү — коомго кошулуу. Ушуну акыркыга коесузбу

— Демек, аймактарда аутизм тууралуу маалымат аз турбайбы...

М. И.: — Биздин кошуна айыл аймакта бир эже долбоор жазып ушундай балдар менен иштешем деп имаратын салдырды. Бирок ал жакта иштей турган адис жок. Дарыгерлердин аутизм боюнча түшүнүгү аз. Бизге балким Чынара эже жолукпаса, уулубузду ар кайсы оорудан дарылатып жүрө бермекпиз. Мамлекет аябай эле аз көңүл бурат. Аймак эмес, Бишкекте бир дагы мамлекеттик борбор жок. Жеке борборго баласын алып барууга бардык эле ата-эненин кудурети жете бербейт, кымбат.

Балабызды "Рука в руке" коомдук бирикмесине алып барганда ар кандай тагдырларды көрдүк. Көп аял баласын жалгыз дарылатып жүрөт. Көрсө, алардын күйөөлөрү балдарынын диагнозун укканда таштап кетиптир. Эркектерге учурдан пайдаланып кайрылып кетет элем. Качан эле кыргыз өз тукумун бирөөгө таштап кетчү эле. Бала ооруса күнөөлүү кишини издебей, тескерисинче, ата-эне чогуу болушу керек да. Анын өмүрү, жашоосу үчүн чогуу күрөшүүсү кажет. Кандай бала болбосун аны коомго кошсо, өз алдынча жүрүүгө үйрөтсө болот. Кошулбай калса, ага деле кайгырбаш керек. Акыркы учурда кыйын кырдаалга дуушар болгон ата-энелерге психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, мотивация берген борбор ачсакпы деп ойлочу болдум.

К.У.: — Мен дагы бизге окшогон ата-энелерге кайрылып кетем. Бала аутист же тубаса шал болуп төрөлүп калса, андан уялуунун кереги жок. Ыйлап же чөгүп кеткенден деле майнап чыкпайт. Андан көрө аракет кылыш керек. Изденип, балага баарын үйрөтсө болоруна көзүбүз жетти. Үйрөнбөгөн бала болбойт. Жарык дүйнөгө алып келгенден кийин өзүбүз аракет кылбасак, бирөө жардам бербейт экен.

2805
Белгилер:
аймак, ата-эне, бала, аутизм
Тема боюнча
Ракка кабылган Гүлмира: оорумду укканда күйөөмө аял издей баштадым
Майыптыгымды билген курбум батиримди тартып алган. Роза Бегалиеванын маеги
Майып балдарды карагандар качан кантип айлык ала баштайт? Өкмөттөн жооп
Лабораторияда антителолорго анализ тапшыруу. Архивдик сүрөт

COVID антителолоруна анализ тапшырчу лабораториялардын дареги жана акысы

7
(жаңыланган 13:21 14.08.2020)
Sputnik коронавирустук инфекцияга антителолорго анализди кайсы лабораториялар аларын, ошондой эле мындай процедуранын акысы кандай экенин билип көрдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин адиси Динара Оторбаева коронавируска ИФА-тест (иммуноферменттик анализ – ред. тактоосу) тапшырган кыргызстандыктардын 40 пайызында иммунитет (IgG-антителолору) пайда болгонун маалымдаган.

ИФА-тест кандагы иммуноглобулиндин камтылышын текшерет. Медиктин айтымында, ал организмге вирустун киришине жооп кайтарган реакция катары иштелип чыгат. Мындай тест оорунун же ага туруштук берчү иммунитеттин бар-жогун аныктайт.

Адамдын COVID менен ооруганын ИФА кантип аныктайт. Кенен түшүндүрмө

Кыргызстанда ИФА-тестти 21-июлдан бери 13 688 киши тапшырган. Алардын ичинен оң жыйынтык 48, 4 пайызында чыккан. G иммуноглобулини 40 пайызында пайда болгон.

M жана G иммуноглобулиндери деген эмне?

Вирус киргенден кийин организм M жана G иммуноглобулиндерин (IgM жана IgG) иштеп чыга баштайт: IgM — организм баштапкы баскычында иштеп чыккан антителолор. Алардын деңгээлин илдеттин белгилери байкала баштагандан бир-эки аптадан кийин лабораториялык жол менен аныктоого болот. Эгер IgM табылса, бейтап обочолонуп, врачтардын көзөмөлүндө болууга тийиш. IgG оорунун белгилери билингенден кийин үчүнчү жумаларда, кээде андан да эрте пайда болот. IgG деңгээли улам жогорулап отурат, бирок бул антителолор узакка сакталып, иммунитетти камсыз кылат. Кыргызстан боюнча ИФА-тестти 11 жеке лабораторияда тапшырууга болот. Ал эми азыр Бишкек шаарында антителолорго анализ тогуз лабораторияда алынат.

"Гемотест"

Панфилов көчөсү, 203. Телефондору: (0312) 97-99-29, (0500) 08-20-08. Анализдерди кабыл алуу 7:30дан 12:00гө чейин жүргүзүлөт.

IgM — 900 сом, IgG — 900 сом.

Баалар жана иш тартиби бардык филиалдарда бирдей.

Филиалдары:

  • Армия көчөсү, 150;
  • Шамси көчөсү, 42.

NeoMed

Орозбеков көчөсү, 46. Телефондору: (0772) 90-60-90, (0555) 90-60-90, (0312) 90-60-90.

Анализдерди кабыл алуу 8:00дөн 12:00гө чейин жүргүзүлөт.

IgM анализинин акысы — 700 сом, IgG — 700 сом.

"Интермедикал"

Жибек Жолу проспекти, 503. (0557) 18-32-77.

IgM анализ акысы— 700 сом, IgG — 700 сом. Эки форма тең тапшырылса, анализ акысы 1 340 сомду түзөт.

Филиалдары:

  • Логвиненко көчөсү, 10;
  • Лев Толстой көчөсү, 70б;
  • 3-линия, 25/1;
  • Фучик көчөсү, 1д;
  • Көлбаев көчөсү, 42.

Эми Кыргызстанга учак менен келип-кеткендер кандай эрежеге баш иет? Алгоритм

"Экспресс Плюс"

Токтоналиев көчөсү 60/1. Телефондору: (0505) 90-90-09, (0312) 90-90-09, (0708) 28-37-02. Анализдер 7:30дан 12:00гө чейин кабыл алынат.

IgM анализ акысы — 780 сом, IgG — 780 сом. Анализдин эки формасы тең тапшырылса, акысы 1 480 сомду түзөт.

Филиалдары:

  • Панфилов көчөсү, 162;
  • Байтик баатыр көчөсү, 3г;
  • Киев көчөсү, 110;
  • Саратов көчөсү, 19;
  • Жунусалиев көчөсү, 83;
  • Тоголок Молдо көчөсү, 7/2;
  • Фучик көчөсү, 22.

Бонецкий лабораториясы

Жаш Гвардия проспекти, 81. Телефондору: (0312) 32-03-03, (0555) 32-03-03, (0502) 32-03-03. Анализдер 7:00дөн 12:30га чейин кабыл алынат.

IgM жана IgG анализдеринин акысы — 999 сом. Эки форманы тең тапшырууда 1 539 сом алынат.

Филиалдары:

  • Логвиненко көчөсү, 20;
  • Шопоков көчөсү, 34;
  • Логвиненко көчөсү, 37;
  • Панфилов көчөсү, 203;
  • Чүй проспекти, 115;
  • Москва көчөсү, 219;
  • 3-кичи район, № 17;
  • Логвиненко көчөсү, 59;
  • Байтик баатыр көчөсү, 8;
  • Чүй проспекти, 245/1;
  • 8-кичи район, №8/3;
  • Гагарин көчөсү, 1а;
  • Жал-23 кичи району, № 83;
  • Юнусалиев көчөсү, 173;
  • Асанбай кичи району, № 42/1;
  • Чүй проспекти, 230;
  • Жибек Жолу проспекти, 179;
  • Грибоедов көчөсү, 16;
  • Чортеков көчөсү, 204;
  • Кривоносов көчөсү, 204;
  • Тунгуч кичи району, № 36;
  • Көлбаев көчөсү, 42;
  • Загорская көчөсү, 4.

EuroLab

Абай көчөсү, 43. (0777) 22-22-55. Анализдер 8:00дөн 12:00гө чейин кабыл алынат.

IgM анализинин акысы — 780 сом, IgG — 780 сом. Эки форма бирдей тапшырылса, акы 1 430 сом болот.

Филиалдары:

  • Байтик баатыр көчөсү, 6/1;
  • Москва көчөсү, 125;
  • Ахунбаев көчөсү, 92;
  • Жибек Жолу проспекти, 60;
  • Ибраимов көчөсү, 42;
  • Курманжан датка көчөсү, 304;
  • Жибек Жолу проспекти, 211;
  • Ибраимов көчөсү, 84;
  • Логвиненко көчөсү, 32;
  • Восток-5 кичи району, № 40;
  • Фучик көчөсү. 22;
  • Табышалиев көчөсү, 34;
  • Лесхоз көчөсү, 28/2;
  • Ленин көчөсү, 350;
  • Гагарин көчөсү, 2/2.

Россияга Кыргызстандан жөнөтүлгөн вирустар изилденип бүттү. Күтүүсүз жыйынтык

Medikana plus

Курманжан датка көчөсү, 228. Телефондору: (0556) 03-63-25, (0776) 03-63-25, (0706) 03-63-25.

Анализдерди кабыл алуу 7:20дан 12:00гө чейин жүргүзүлөт.

IgM, IgG анализдеринин акысы — 820 сом. Анализдердин топтому — 1 570 сом.

Aqua Lab

Юнусалиев көчөсү, 26. Телефондору: (0770) 98-66-00, (0559) 98-66-00, (0707) 98-66-00. Анализдер 7:20дан 12:00гө чейин кабыл алынат.

IgM жана IgG анализдеринин акысы — 780 сом, топтому — 1 480 сом.

Филиалдары:

  • Логвиненко көчөсү, 27;
  • Тоголок Молдо көчөсү, 3/1;
  • Байтик баатыр көчөсү, 3в;
  • Ахунбаев көчөсү, 184;
  • Жаш Гвардия проспекти, 37;
  • Восток-5 кичи району, № 40;
  • 5-кичи район, № 63/1;
  • Фучик көчөсү, 20;
  • Асанбай кичи району, № 2а;
  • Ауэзов көчөсү, 5;
  • Көлбаев көчөсү, 41/1;
  • Тунгуч кичи району, № 57;
  • Загорская көчөсү, 4;
  • Дунларов көчөсү, 129/2;
  • Лебединовка айылы, Ленин проспекти, 100.

Human лабораториясы

Логвиненко көчөсү, 21/2. (0772) 55-52-13. Анализдер 7:00дөн 12:00гө чейин кабыл алынат.

IgM, IgG анализдеринин акысы — 780 сом. Анализ топтомунун акысы — 1 380 сом.

Баалар жана иш тартиби филиалдардын бардыгында бирдей.

Филиалдар:

  • Жунусалиев көчөсү, 155;
  • Асанбай кичи району, № 40/1;

Мындан сырткары, жакында коронавирустук инфекцияга антителолорго анализди Sapat Lab лабораториясы да кабыл алууга киришет.

Өкмөт "Семетей" стационарын жугуштуу илдеттер ооруканасына айлантууну пландап жатат

Каракол шаарында антителолорго анализди "Здоровье" лабораториясы кабыл алат. Телефондору: (03922) 5‒24‒04, (0555) 11‒03‒66.

Дареги: Тыныстанов көчөсү, 29.

IgM жана IgG анализдерин тапшырууга — 650 сом, ал эми эки анализ топтомуна — 1 250 сом алынат.

Ошто антителолордун бар-жогун аныктоочу анализди Medikana plus лабораториясы топтоодо. Дареги: Краснофлот көчөсү, 22/1. Телефондору: (0556) 03-63-25, (0776) 03-63-25, (0706) 03-63-25. Анализдер 7:20дан 12:00гө чейин кабыл алынат.

IgM, IgG анализдери — 820 сом, ал эми топтому 1 570 сомду түзөт.

7
Белгилер:
баа, акы, дарек, анализ, коронавирус, лаборатория
Тема боюнча
Коронавируска каршы вакцина: гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй
Путин COVID-19га каршы россиялык алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн кабарлады
Китеп окуп жаткан адамдар. Архив

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 18 аталыштагы китеп чыкты

13
(жаңыланган 12:55 14.08.2020)
Сегиз миңден ашык нускада басылып чыккан китептин жети аталышы ден соолугунан чектелген балдарга арналса, калгандары окуучу менен студенттерге ылайыкташкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китеп басып чыгарды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Ага ылайык, 8 409 нускада басылып чыккан китептин жети аталыштагысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган. Бир китеп мектепке ылайыкташкан болсо, калган он аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Этникалык кыргыздар ЖОЖдон акысыз билим алат. Сынактын убактысы

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, мындан сырткары, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынганы белгиленди.

Китептер окуу жайларга бөлүштүрүлүп, аймактарга жеткирилип жатат.

13
Белгилер:
окуу жай, мектеп, китеп, Билим берүү жана илим министрлиги
Тема боюнча
Быйыл кайсы класстар мектепте окушу мүмкүн. Министрликтин жообу