Башкы прокуратура Атамбаевдин койгон шартына жооп берди

© Фото / пресс-служба СДПКУчастие Алмазбека Атамбаева в айт-намазе в селе Арашан
Участие Алмазбека Атамбаева в айт-намазе в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев өзү да кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кетишинин себептеринин ачыкталышына кызыкдар экенин айтып, тергөө менен кызматташууга даярдыгын билдирген, бирок бир шарт койгон.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча бере турчу көрсөтмөсү тергөө үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ИИМ Атамбаевди аталган кылмыш иши боюнча үч ирет суракка чакырган, бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшмөйүнчө суракка барбай турганын айткан. Ал ошондой эле тергөө менен компромисске барып, кызматташууга даяр экенин, бирок тергөөчүлөрдүн суроолоруна кат түрүндө жооп берүүгө макулдугун билдирген. 

"Атамбаевдин жана анын өкүлүнүн жаралган маселеде тергөө органдары менен компромисске келүү сунушу учурда иштеп жаткан кылмыш-процессуалдык мыйзамды түздөн-түз бузууга жатат", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын тараткан маалыматында суракка алынган башка аткаминерлер "Атамбаев окуя тууралуу кенен билет" деп көрсөтмө беришкени жазылат. Андыктан анын көрсөтмөсү абдан маанилүү. Сотко чейинки тергөө иштеринин бардыгы Кыргызстандын Конституциясына жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарына туура келет. Конституциялык палатага кайрылуу тергөө амалдарынын токтоп калышын шарттабайт.

Пресс-конференция Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Бийлик кадам таштаса, биз да өзгөрөбүз. Атамбаев Москва сапары тууралуу
Мындан улам башкы көзөмөл орган мурунку президенттин келип суроолорго жооп берүүсү максатка ылайык деп эсептей турганын билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия Атамбаевдин тиешеси бар деп тапкан алты иштин бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алардын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу дагы бар.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген. Бир катар аткаминерлер кармалгандан кийин Алмазбек Атамбаев ИИМге күбө катары суракка чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0