Газ. Архивдик сүрөт

Чүй менен Бишкектин айрым жерлеринде төрт күн газ жок болот

64
(жаңыланган 21:03 02.08.2019)
Төрт күндүн ичинде компания кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу эки күнгө газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, газ берүү 5-9-августта Бишкек шаарынын "Ницца" шаарчасында жана "Бишкекглавпекарня" №3/1 көчөсүндө токтотулат.

Ошондой эле 5-6-августта Люксембург айылынын Центральная көчөсүндө, 7-августта саат 8:30-17:00го чейин Сокулук айылынын Торговая көчөсүндө берилбей турганы айтылды.

Билдирмеде оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланган.

64
Белгилер:
газ, Бишкек, Чүй облусу
Тема боюнча
Бишкекте муздак суунун баасы кымбатпы? Дүйнө жүзүндө нарк кандай