Өкмөт Казакстанда мертинген мекендештердин сөөгүн алып келүүгө жардам берет

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке
Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан беш киши каза таап, дагы үчөө ооруканада жатат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кызыл жаян болгон мотоциклчи. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кызыл жаян болгон мотоциклчи. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу
Эскерте кетсек, кайгылуу окуя 1-августта болгон. Мersedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima кагышып, минивэндеги кыргызстандыктар жабыркаган. Натыйжада беш адам каза таап, үчөө ооруканага жеткирилген

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү, анын ичинде набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, өкмөттүн аппаратын аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууга милдеттендирди.

Белгилей кетсек, учурда кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0