Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Жекшембиде өрөөндөрдө күн ачык болот.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. 4-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Подача газа в жилой массив Колмо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чүй менен Бишкектин айрым жерлеринде төрт күн газ жок болот
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +32 ...+37, Талас аймагында +31 ...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33 ...+38, ал эми Нарын жергесинде +27 ...+32, Ысык-Көлдө +26 ...+31 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күндүн табы +35 ...+37 градусту, Чолпон-Атада +26 ...+28 градусту көрсөтүп турары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0