Сом. Архивное фото

Дем берүүчү гранттардын эсебинен 140 долбоор каржыланды

71
Быйыл дем берүүчү гранттардын эсебинен 247 долбоорду каржылоого 599,7 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. "Дем берүүчү гранттар" программасынын алкагында республикалык бюджеттен 113 миллион 69,5 миң сомго 140 долбоор каржыланды. Бул туурасында Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалымат ушул жылдын 1-августуна карата берилген. Негизинен 2019-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 247 долбоорду каржылоого 599,7 миллион сом бөлүнгөнү айтылат.

"Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген отчёттордон көз каранды. Аймактардын башчылары муктаждыктар боюнча сурам жиберет. Ал долбоордун тибине жараша тандалып, каражаттар бөлүштүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар — аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү бийлик органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

71
Белгилер:
финансы, грант, долбоорлор, акча, каржылоо
Тема боюнча
Абылгазиев: Россия менен Кытайдан келчү миллиарддар "жок болуп" кетпеши керек
Кытай Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга убада берди
Терезенин алдында беткап кийип турган аял. Архивдик сүрөт

Бейтап жаткан бөлмөнү желдетип туруу керек. Пульмонологдун кеңеши

14
(жаңыланган 09:22 16.07.2020)
Үй шартында дарыланып жаткан бейтаптын бөлмөсүн желдетип туруу керек. Мында вирус бир жерде турбай, бөлмө тазаланып турат.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кычкылтек концентратору өзү кычкылтек иштеп чыкпагандыктан аны колдонууда бөлмөнү желдетип турган оң. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун врач-пульмонологу Жыпара Кемелова билдирди.

Буга чейин коомчулукта жел тийгизип алуудан коркуп, бейтап жаткан бөлмөнү чүмкөп, эшик-терезелерди ачпай койгондуктан кычкылтек концентраторуна туташкан бейтап кыйналып, кээде өмүрү менен кош айтышып калышы мүмкүн деген маалымат тараган.

Дарыгердин айтымында, азыр аба ырайы ысык болгондуктан бейтап жаткан бөлмөнүн терезелерин улам-улам ачып туруу керек.

"Аппарат өзү кычкылтек иштеп чыкпагандыктан абаны сырттан, өзү жайгашкан бөлмөдөн алат. Ошол себептен бөлмөнү шамалдатып, аба киргизип туруу керек. Пульсоксиметр менен кычкылтекти берүү деңгээлин да карап, аппараттын эрежеси менен толук таанышуу зарыл. Азыркы учурда ооруканаларда оор бейтаптарга беш литрден да көп кычкылтек берилип жатат. Алар эки же үч булактан алышууда. Негизинен аппаратка туташкан бейтап гана эмес, ар бир оорулуу жаткан бөлмөгө аба киргизип туруу зарыл. Бирок терезени ачпай койгондон кычкылтек концентраторуна аба жетпей калды деген калпысыраак болуп калат", — деди Кемелова.

Кычкылтек концентратору дем алуу органдарынын курч жана өнөкөт оорусу күчөгөндө колдонулат. Ал кычкылтекти топтоп, бейтапка 90-95 пайыздык катышта бере турган аппарат. Ал эми бейтапты аба менен камсыз кылуу анын сатурациясына (кандын кычкылтек менен каныгышына) жараша болот.

Аталган аппарат абаны бөлмөдөн алып, аны тазаланган (буулуу суу) суудан өткөрүп, андан соң атайын түтүкчө аркылуу кычкылтек жеткирет.

14
Белгилер:
тазалоо, бейтап, аппарат, кычкылтек концентратору
Тема боюнча
Кычкылтек концентратору деген эмне, кандай максатта пайдаланылат? Түшүндүрмө
Ооруканадагы оор абалдагы бейтап. Архивдик сүрөт

Пневмониядан былтыр алты айда быйылкыга караганда көп адам өлгөн. Статистика

180
(жаңыланган 09:05 16.07.2020)
Акыркы мезгилде өлкө аймагында коронавирустун жайылып кетиши менен бир топ киши пневмониядан каза болууда.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өлкөдө жыл сайын өпкө ооруcу менен жарым миллиондон ашык адам жабыркап келет. Алардын 90 пайызга жакыны курч респиратордук инфекция жугузуп ооруканага кайрылса, беш пайыздан ашыгы гана пневмонияга кабылчу.

Бирок март айынан тарта Кыргызстанда коронавирус жайылып, өтүшүп, пневмонияга айланууда. Дарттан өпкөсү жабыркап, ооруканага кайрылгандар, илдет менен алышып айыга албай көз жумгандардын саны акыркы убакта кескин көбөйүп кетти.

Адистер дарттын өтө курч мүнөздө өрчүп, ага кабылган адамдын саламаттыгы тез арада эле начарлап жатканын айтышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ал илдеттин статистикасына кайрылып көрдү.

74 эмес! Министрлик пневмониядан каза болгондордун санын тактады

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өткөн жылы республикада 31 миң 199 адам пневмония дартынан жапа чеккен. Алардын ичинен 26 миң 121 (83,7 пайыз) бейтап 14 жашка чейинки балдар болчу.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын алты айында (январь-июнь) өлкө боюнча аталган ооруга 11 миң 873 адам чалдыккан. 2019-жылдын биринчи жарым жылында пневмониядан жапа чеккендердин саны 19 миң 612ден ашкан. Мындайча айтканда, былтыр 7 миң 739 адамга көп катталган.

Ошондой эле 2020-жылдын биринчи жарымында, январь-июнь айларында илдеттен 277 киши көз жумса (июлдун статистикасы кошулган жок), өткөн жылдын алты айында 318 адам каза болгон.

Эгер ар бир облусту өз-өзүнчө алсак, быйыл Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Баткен облусунун тургундарында бул оору арбын катталып, Жалал-Абад облусу менен Бишкек шаарында башка аймактарга салыштырмалуу көп киши кайтыш болгон.

Бир суткада 954 адам пневмонияга кабылган. Ооругандардын саны 9 204кө жетти

Бирок акыркы жумаларда пневмония менен ооруп, андан көз жумгандардын саны кескин өсүп кетти. Мисалы, 15-июлда эле 954 кишиден бул илдет табылган. Адистер учурдагы пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы экендигин айтышууда.

Саламаттык сактоо министрлиги март айынан бери аталган дарт Кыргызстанда жалпы 571 адамдын өмүрүн алгандыгын билдирди.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

180
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, статистика, пневмония, Кыргызстан
Тема боюнча
Премьер пневмония менен COVID эмне үчүн эки бөлөк саналып жатканын айтты