Эски халат, тизеси чыккан шымды таштаңыз. Үйдө конок тосуу этикети

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүРоссийско-итальянское совместное предприятие "Вилла Переделкино"
Российско-итальянское совместное предприятие Вилла Переделкино - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конок күтүү — кыргыздардын жашоосунда эң маанилүү учурлардын бири десек болот. Бул күнгө жан-алыбыз калбай даярданабыз.

Коноктун алдына дүйүм тамак коюп, ысык чайын үзбөй, меймандын кареги менен тең айланып туруу - ар бир кыргыз аялынын милдети.

Албетте, биздикилерге конок тосуу боюнча бир нерсе үйрөтүү кыйын. Бирок бул макаланы жаш үй-бүлөлөргө пайдасы тиер деген максатта даярдадык. Дегеним, мейман күтүүнүн ырахатынан машакаты көп эмеспи.

Этикет мугалими Нуржан Исмаилова үйдө конок тосуунун жазылбаган бир нече эрежеси тууралуу сөз кылды.

Чакыруу

Үй ээси конок болчу адамды чакыруу үчүн жеке өзүнө кайрылганы жакшы. Мессенджерден билдирүү жазып коюу же бирөөлөр аркылуу айттыруу конокту сыйлабастыкка жатат. Тагыраагы, ал кишинин келген-келбегени сиз үчүн анча маанисиздей сезилип калат.

Үй кызматкери эмес, кожоюн болуңуз

Телефон кармап турган аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамак чайнаба, оройлонбо, "жомок" айтпа. Телефондо сүйлөшүү этикети
Конок күткөн адам колдон келишинче эл келгиче дасторконун толугу менен даярдап бүтүп, өзү дагы жарашыктуу кийинип алганы жакшы. Конок келип калган учурда шыпыргы көтөрүп алып ары-бери чуркап, эски халат, тизеси чыккан шым менен жүрүү өзүңүзгө дагы, конокко дагы бир топ ыңгайсыздыкты жаратат. Кыскасы, мейман аны "үй кызматкери" эмес, кожоюн менен кожойке күтүп алышын каалайт.

Конокту сүйбөй жаткандай болуп...

Эч убакта үйгө башка киши бар кезде үй-бүлө мүчөлөрү урушуп, бири-бирине кыр көрсөтпөшү керек. Бул конокту сүйбөй жаткандай элес калтырат. Эрди-катын же эне-бала ортодогу көйгөйдү аркы бөлмөгө барып же конок кеткенден кийин деле чечип алса болот.

Адилеттүүлүк

Албетте, ар бир коноктун тууганчылык жайына, жакындыгына жараша өз орду болот. Ошого жараша мамиле кылып, сый-урмат көрсөтүлөт. Бир эле мисал, кудага өзгөчө үзүлүп түшөбүз. Бирок ошол эле учурда үйгө келген меймандын баарына бирдей сый, бирдей жылуу мамиле көрсөткөнгө аракет кылыңыз.

Кам көрүү

Кыргызда "конок койдон жоош..." деген сөз бекер айтылбаса керек. Дегеним, алдына тамак жайнатып коюу эле жетиштүү эмес. Улам-улам жанына барып, тамак-аш сунуштап, алдындагы булганган идиш-аякты алмаштырып турган жакшы. Балким ал кара чай эмес, көк чай ичкиси келип жаткандыр. Көңүл буруп турбасаңыз, конок өзүн "өгөй" сезип калышы мүмкүн.

Тааныштыруу

Кээде бир үйгө мурда бири-бирин такыр көрбөгөн кишилер чогулушу мүмкүн. Кудалар, жаңы кошуналар, кесиптештер дегендей... Андыктан той жаңы башталганда эле үй ээси дасторкон үстүндөгүлөрдү бири-бири менен тааныштырып койгону жакшы. Коноктор мостойбой, бири-бири менен сүйлөшүп, тамашалашып отурганы жакшы да.

Мактоо

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Сууга кийимчен түшпөңүз. Көл жээгинде эс алуу этикети
Кыргызда конок куру келбейт эмеспи. Жок эле дегенде ачуу-татуусун көтөрүп алат. Айрым учурда "фантазиясы" күчтүү тууган-туушкандар кийит, идиш-аяк же өзү кол эмгегин коротуп жасаган бир нерсесин алып келет. Андайларды көз жаздымда калтырбаңыз. Мактап, көптөн бери ушул нерсени алгыңыз келип жүргөнүн айтып коюңуз. Бул эки жүздүүлүк эмес, жөн гана адамдын көңүлүн алуу.

Узатуу

Коноктоу кандай жакшы маанайда тосуп алсаңыз, дал ошондой шаң менен узатыңыз. Үйгө чакырып алып, өткөн-кеткен таарынычтарды эске салуу же конок үчүн жагымсыз маселени кеп кылуу туура эмес. Андан көрө ак өргөңүздөгү адам босогодон күлүп-жайнап, жакшы ой менен узап кетишине шарт түзүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0