Мамкаттоонун мурдагы башчысы Алина Шаиковага издөө жарыяланды

© Фото / пресс-служба ГРСМамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ал УКМКга суракка чакырылган болчу.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Эске сала кетсек, 2-августта Шаикова УКМКга чакырылган болчу. Мекеме тарабынан Шаикова адвокаты аркылуу бир нече ирет суракка чакырылганы айтылып, эгер ал ушул жылдын 5-августуна чейин келбесе, издөө жарыяланары кошумчаланган.

Депутат ЖК Зарылбек Рысалиев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды
УКМК өкмөттүн алдындагы Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрүнө, "Инфоком" ишканасына, Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлерине жана башкаларга "жаңы үлгүдөгү паспортторду берүүдө коррупцияга барган" деп кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө. Шаикова комитетке аталган кылмыш ишинин фигуранты катары чакырылган.

Бланктарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иши

УКМК тендер чуусу боюнча үч аткаминерге айып тагып, кармаган. Кийин соттун чечими менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев үй камагына чыгып, статс-катчы Данияр Бакчиев жана "Инфоком" компаниясынын директору Талант Абдуллаев тергөө абагына киргизилген.

Алар литвалык "Гарсу пасаулис" (Garsu pasaulis) компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматына таянсак, Абдуллаев компаниянын өкүлү менен Алматыдагы ресторандардын биринде жолуккан. Кийин аталган компания паспортторго бланк алып келүү боюнча өткөн тендерде жеңүүчү болгон. Бирок УКМКнын маалыматы боюнча, литвалык компания сунуштаган баа мыйзам талап кылгандай эң төмөнкүсү болгон эмес.

Өз кезегинде Мамкаттоо тендерди өткөрүүдө мыйзам бузулбай, жеңүүчү менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн билдирген. Мындай окуялардан улам Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматтан бошотулган.

Лекарственный препарат Програф - Sputnik Кыргызстан
Бөйрөк алмаштыргандардын өмүрү коркунучтабы? Бир тендердин изи менен
Ал ортодо Литвалык "Гарсу пасаулис" (Garsu pasaulis) Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берүү үчүн даярдыктарын баштаганын жарыялаган.

15-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кеткен. Ага коомдо талкууланып жаткан паспорт чыры себеп болгону айтылган.

Буга чейин ЖМКлар Кадыркулов Шаикова жана ошол кезде президенттин мурдагы кеңешчиси болуп турган Дастан Догоев менен бейрасмий жолугушуу өткөрүп, жеке компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганын жазышкан. Өз кезегинде Шаикова менен Догоев бул суроону карагандан баш тартканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0