"Манастан" көтөрүлгөн учакта чарчап калган ымыркай. Окуянын чоо-жайы

© AFP / FREDERICK FLORINЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристени ата-энеси медициналык текшерүүгө алып бара жаткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Өлкөдөгү авиакомпаниялардагы ишенимдүү булак Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине "Манас" аба майданынан учкан бортто каза тапкан наристенин өлүмү тууралуу кененирээк айтып берди.

Буга чейин Pegasus Airlines компаниясынын Бишкек — Стамбул багыты боюнча учкан учагында бир жарым айлык ымыркайдын чарчап калганы айтылган.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алты жашар балага арак берип өлтүрдү деп шектелген киши кармалды
Ымыркайды ата-энеси Түркияга медициналык текшерүүгө алып бара жаткан. Учак саат 8:50дө абага көтөрүлгөн. Баланын абалы начарлай баштаганда учак Казакстандын аба чек арасынан өтүп калган. Жүрөгүндө кемтик болгондуктан, кычкылтек бет кабын алып келип беришкен. Капитан жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип жатат деп "Манас" аэропортуна кайра конууга уруксат сураган.

Саат 10:16да учак "Манаска" конуп, баланы аэропорттун дарыгерлери менен Бишкектин Тез жардам медицина борборунун кызматкерлери карап, анын чарчап калганын аныкташкан. Кайтып келген учак кайра жолун улаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0