Дордойдо чыккан өрт 14 сааттан кийин толук өчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРДордой-1 конушундагы кампадан чыккан өрт
Дордой-1 конушундагы кампадан чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 1,5 миң чарчы метрди жалмаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Дордой-1 конушундагы кампадан кечээ, 4-августта, чыккан өрт 14-сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өрт бүгүн саат 10:14тө толук өчүрүлгөн.

Өрт тууралуу билдирүү 4-августта саат 19:45те түшүп, Дордой-1 конушундагы №10 кампа күйүп жатканы маалымдалган.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө "Тазалык" ишканасынын суу ташыган беш автоунаасы да тартылган. Андан сырткары, Тез жардам кызматынын бир унаасы менен 40ка жакын милиционер кол кабыш кылган.

© © видео отправлено на WhatsApp-канал и в Telegram-группу "Бишкек сегодня" и Эркином СадыковымӨрттөнүп темири эле калган техника. Дордойдогу күйүп кеткен кампанын видеосу
Дордойдо чыккан өрт 14 сааттан кийин толук өчүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Өрттөнүп темири эле калган техника. Дордойдогу күйүп кеткен кампанын видеосу

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 1,5 миң чарчы метрди жалмаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0