Милицияда иштегиң келеби? Кайгуул кызматы башкармалыгында бош орун бар

© Sputnik / Нурис АлымбаевИИМ кызматкерлерни. Архив
ИИМ кызматкерлерни. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документтер 24-августка чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек ШИИББдин Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына (МККБ) экинчи этап боюнча бош орундарга сынак жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Круглый стол Как мэрия будет решать проблемы транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ЖКККББнын башчысы менен орун басары сынактан кулап калды
Сынакка катышууга документтер 24-августка чейин ЖКККББнын Кадрлар бөлүмү тарабынан Бишкек шаары, Чокон Валиханов көчөсү - 1а дареги боюнча кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды +996 312 63 09 01, +996 312 63 02 53, +996 312 63 12 75 телефонуна чалып алса болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жаңы түзүлчү Кайгуул кызматы башкармалыгына жарыяланган биринчи сынактын жыйынтыгы боюнча дагы 513 киши жетпей калганын билдирген.

Конкурска кимдер катыша алат жана талап кылынчу документтер:

  • Кыргызстандын жараны болгон эркек жана аялдар;
  • Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар;
  • Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер;
  • Соттолбогону тууралуу маалымкат;
  • "В" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш;
  • Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек;
  • Башкармалыктын начальнигинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш;
  • Эркектердин боюнун узундугу 170 сантиметрден, ал эми аял кишиники 165 сантиметрден кем эмес болушу шарт;
  • Биринчи конкурска катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи конкурска катыша алышат.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына алгачкы тандоо май айынын аягында жарыяланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0