Чүйдүн милициясы эл аралап кабар алат. Көчмө пункт ишке кирет

Жазылуу
Көчмө пункт облус аймагын толук кыдырып чыгат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок жана Жаңы-Жер айылдарында 7-августтан тарта милициянын көчмө пункту иштей баштайт. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, көчмө пунктуда ИИМдин жетекчилиги, Чүй облустук милициясынын башчылары жана башка тийиштүү кызматкерлер болот. Жергиликтүү эл укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кызыктырган жана көйгөй жараткан маселелер боюнча суроолорун бере алат.

ИИМ кызматкерлерни. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милицияда иштегиң келеби? Кайгуул кызматы башкармалыгында бош орун бар
Андан сырткары, юридикалык кеңеш алып, аймактык тескөөчүнүн ишине баа беришет.

Мындай аракеттер эл менен болгон байланышты жакшыртуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн жасалууда.

Көчмө пункт Орок айылында 7-августта саат 10:00дөн 12:00гө чейин иштесе, Жаңы-Жерде саат 14:00дөн 16:00гө чейин кызмат кылат.

Облустук милиция мындай көчмө пунктулар Чүйдүн бардык аймагын кыдырып чыгат деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0