Ысыктан улам Бишкекте жүк ташуучу унаалардын жүрүшү чектелди

© Sputnik / Эмиль СадыровЖолдогу автоунаалар. Архив
Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эреже бир айга чейин иштейт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Акыркы кезде күн катуу ысып жаткандыктан Бишкек мэриясы күндүз жүк ташуучу автоунаалардын шаарда жүрүүсүнө чектөө киргизди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы
Ага ылайык, 1-августтан 1-сентябрга чейин күндүз абанын температурасы 28 градустан ашса саат 9:00дөн 20:00гө чейин жүк ташуучу машиналардын шаар ичинде жүрүүсүнө тыюу салынат.

Тактап айтканда, максималдуу салмагы 25 тонна болгон жана автоунаанын бир огуна түшкөн салмак 7 тоннадан көп болгон машиналар жүрө албайт.

Тыюу салуу эл ташыган, гуманитардык жардам алып бараткан жана атайын уруксаты бар машиналарга тиешелүү эмес.

Бишкек мэриясы шаардык милиция менен бирге калаанын көчөлөрүнө кошумча жол белгилерин коюп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0