ИИМ кызматкерлери. Архив

Милиция Солтон-Сарыдагы азыркы абал тууралуу айтты

595
(жаңыланган 13:58 06.08.2019)
Учурда укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Учурда Нарын районунун Солтон-Сары аймагындагы абал милициянын көзөмөлүндө жана коомдук тартипти сактоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

5-августта Солтон-Сарыга жергиликтүү 300дөй тургун чогулуп, алтын кенин иштетип жаткан кытай компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан. Кийин кытай компаниясынын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган.

Анын кесепетинен жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди.

Өкмөттөн кабарлашкандай, окуя болгон жерге бүгүн эртең менен биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чыгып кеткен.

Солтон-Сарыда болгон чыр-чатак Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү тергөө амалдары башталды.

Учурда укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Абал туруктуу.

Солтон-Сарыда азыр эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.

595
Белгилер:
милиция, ИИМ, алтын, Кытай, Нарын облусу, Солтон-Сары жайлоосу
Тема:
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясында августта чыккан чыр (19)
Тема боюнча
Солтон-Сарыда учурда эмне болуп жатат? Экинчи күн